Иран аялдары оор жумушта иштебейт экен, анткени эркектери буга жол бербейт

 “Умма” ислам журналынын журналисти Апышова Кундуз мурда Иранды өнүкпөгөн, эркиндик жок, мээ какшыткан ысык, кумдуу чөл, аялдары капкара кийинип жүрөт деп элестетип жүргөн. Бирок ал жакында бул өлкөгө баргандан кийин мындай ою таптакыр өзгөрдү.

Бул тууралуу ал биз менен болгон маегинде айтып берди.

Кундуз, жакында Ирандын алдыңкы “Fars News” маалымат агенттигинин чакыруусу менен Кыргызстандын 21 кишиден турган тележурналисттер делегациясы менен бирге Ислам республикасына таанышуу иш сапары менен барып келген.

Кыргызстандык тележурналисттер. Тегеран шаарындагы эң бийик “Милад” телемунарасы, 15-июль, 2023-жыл.

Ал Батыш ММКлары Иран тууралуу туура эмес маалыматтарды таратып жүргөндүгүнө ынанганын айтты.

“Ушу кезге чейин стереотиптер менен жашап келиптирмин. Пресс-турду уюштуруп, кыргыз ММК кызматкерлеринин көзүн ачкан уюштуруучуларга терең ыраазычылык билдирем. Иранда өткөн күндөр жашоомдогу эң бактылуу күндөр болду десем болот”, – дейт Кундуз.

Интернет булактарынан ирандык аялдардын эркиндиги  чектелген деген маалыматтар көп эмесби. Бул туурасында өзүнөн сурадык.

– Саламатсызбы. Жакында эле Иранда таанышуу иш сапары менен болуп келдиңиз. Өзүңүз жакындан көрүп келген ирандык аялдардын жашоосу жана коомдогу орду кандай экен? 

– Батыш Иран аялдары тууралуу таптакыр чындыкка туура келбеген маалыматтарды дүйнөгө таратат экен. Чындыгында, абал башкача экен. Иран аялдары эркин, каалаган түстөгү жоолугун салынып, айрымдары жоолук салынбай деле жүрүшөт экен. Мыкты кызматтарды аркалашып, биз ойлогондой аялдарга карата чектөө жок экен. Кааласа – иштейт, өз потенциалын көрсөтүүсү үчүн шарт түзүлгөн экен.    

– Кара жумушта иштеген аялдарды байкадыңызбы?

– Ишенесизби, официант аялды көргөн жокмун. Бул көрүнүш аялдарга карата сый-урматты билдирет. Иран аялдары оор жумушта иштебейт экен, себеби эркектери буга жол беришпей тургандыгына ынандым.

– 40 жылдан ашуун убакыттан бери санкциялардын алдында жашаган Иранда өнүгүү бар бекен?

– Ачыгын айтканда, Иран мынчалык деңгээлде өнүккөндүгүн ойлогон да эмесмин. Эл аралык санкцияларга карабай, алдынкы өнүккөн өлкөгө айлануусу өтө таң калтырды. Технология, архитектура, искусство, туризм, өнөр жай ж.б. бардык тармакта алдыда. Кыргызстан сабак ала турган көп жагдайлар бар экен.

– Сизди таң калтырган нерсе эмне болду?

– Иранды ушунчалык өнүккөн жана меймандос деп ойлогон эмесмин. Иран эли абдан меймандос экен, туристтерге болгон мамиле өзгөчө жакты. Айрымдардын Кыргызстаныбыз тууралуу маалыматы бар экен. Бул мени өтө кубандырды.

– Рахмат маегиңизге. Ишиңизди ийгиликтер коштосун.

Маектешкен: Айзат Асанакунова

Комментарий жиберүү