Биз көргөн Иран. Видео

 Иран дегенде көпчүлүк санкциянын алдында жашаган, өнүкпөгөн, аялдардын укугу корголбогон, коопту өлкө деп ойлошот…

Бул жолу кыргызстандык тележурналисттер Иранга таанышуу сапары менен барып, ал өлкөнүн заманбап жашоосун көрүп келди.

Иран Ислам Республикасына таанышуу иш сапары менен Кыргызстандан 21 адам барган. Пресс-турду “Fars News” агенттигинин Бишкектеги өкүлчүлүгү (“Eurasia Today” агенттиги) уюштурду. Сапардын максаты – Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы достук жана маданий байланыштарды чыңдоо, таанышуу, өз ара маалымат жана тажрыйба алмашуу.

Жакынкы Чыгыштагы бул өлкөгө болгон сапардын жүрүшү, расмий жолугушуулар, Ирандын тарыхы, маданияты, дүйнөнү суктандырган кол өнөрчүлүгү тууралуу “Кабар” маалымат агенттигинин журналисти Жазгүл Мадинованын репортажында.

https://youtube.com/watch?v=x6KiikcQeKo%D0%A2%D0%B5%D0%B3%D0%B8%3A

Комментарий жиберүү