Ирандын ТИМ башчысы Куранды мазактаган өлкөлөр менен мамилени кыскартууну же үзүүнү сунуштады

Ирандын тышкы иштер министри Хоссейн Амир Абдоллахиан Ислам Кызматташтык Уюмуна (ИКУ) мүчө өлкөлөргө Куранды мазактоо акциялары кайталанган мамлекеттер менен мамилени кыскартууну же үзүүнү сунуштады.

Ал Дания жана Швецияда Курандын мазакталышына байланыштуу Иран, Ирак жана Сауд Аравиянын сунушу менен Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин виртуалдык жыйыны өткөрүлгөнүн билдирди.

“Мен бул аракеттер үчүн эл аралык кылмыш жоопкерчилигин киргизүүнү, ИКУнун делегацияларын бул эки өлкөгө (Швеция жана Дания – ред.) жөнөтүүнү, күнөөлүүлөрдү катуу жазалоону, (акциялар – ред.) кайталанган учурда мамилелердин (деңгээлин – ред.) кыскартууну же үзүүнү, товарларды сатып алууга эмбарго киргизгүүзү сунуш кылдым”, – деп жазды министр Твиттердеги баракчасына.

ИКУ өлкөлөрүнүн Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезексиз жыйыны кечээ, 1-августта онлайн режиминде өттү. Сессиянын ачылышында уюмдун баш катчысы Хиссейн Брахим Таха Стокгольм менен Копенгаген Курандын кайра мазакташына жол бербөө үчүн чараларды көрө электигине жана мындай аракеттерге жол берип жатканына нааразычылыгын билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында министрлер резолюция кабыл алып, анда расисттик кыймылдардын жана ашынган оңчул экстремизмдин кайра жанданышына тынчсыздануу билдиришип, экстремисттик аракеттерди токтоосуз токтотууну талап кылышты.

Кеңеш ошондой эле эл аралык коомчулукту диний ыйыктарды, анын ичинде Куранды мазактоонун алдын алуу боюнча чараларды көрүүгө чакырды.ИКУга мүчө өлкөлөрдүн Тышкы иштер министрлеринин кеңеши Стокгольмдо парламент имаратынын алдында кезектеги акциянын фонунда өттү: Ирактан келген мигранттар Салван Момика жана Салван 31-июлда мусулмандардын ыйык китебин тебелеп, андан соң өрттөп жиберишкен. Акцияны өткөрүүгө Стокгольмдун полициясы уруксат берген.

Июль айында дагы “Даниялык патриоттор” деген ашынган улутчул топтун мүчөлөрү Ирактын Копенгагендеги элчилигинин алдында бир нече жолу Куранды өрттөп, 25-июлда мындай акцияны эки жолу: Египеттин дипломатиялык өкүлчүлүгүндө жана Түркиянын Копенгагендеги элчилигинде өткөрүшкөн.

Мындан тышкары, июнь айынын аягында Стокгольмдо Курман айт майрамы маалында Курандын мазакталып, өрттөлүшү дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө нааразычылык жараткан. Ирак Швециянын бийликтеринен акцияны өткөргөн иммигрантты экстрадициялоону талап кылган.

Курандын өрттөлүшүн Өзбекстан, Казакстан, Иран, Алжир, Ооганстан, Египет, Индонезия, Ливан, Сирия, Түркия, Араб мамлекеттери лигасынын (LAS) баш катчысы Ахмед Абул Гейт жана Перс булуңундагы араб мамлекеттери боюнча кызматташтык кеңешинин башкы катчысы Жасем аль-Будайве айыптаган.

Комментарий жиберүү