Швеция парламентинин алдында кайрадан Куран өрттөлдү

 Ирактык мигранттар Стокгольмдо парламент имаратынын алдында Куранды өрттөп жиберишкенин РИА Новости швециялык Aftonbladet гезитине таянуу менен билдирди.

“Дүйшөмбү күнү Швециянын Риксдагынын жанында эки адам Куранды өрттөштү”, деп жазган басылма.

Маалыматка караганда, акциянын уюштуруучулары Салван Момика менен Салван Нажем мусулмандардын ыйык китебин тебелеп, андан соң өрттөп жиберишкен. Акцияны өткөрүүгө Стокгольмдун полициясы уруксат берген.

Эске салсак, июль айында “Даниялык патриоттор” деген ашынган улутчул топтун мүчөлөрү Ирактын Копенгагендеги элчилигинин алдында бир нече жолу Куранды өрттөп, 25-июлда мындай акцияны эки жолу: Египеттин дипломатиялык өкүлчүлүгүндө жана Түркиянын Копенгагендеги элчилигинде өткөрүшкөн.

Мындан тышкары, июнь айынын аягында Стокгольмдо Курман айт майрамы маалында Курандын мазакталып, өрттөлүшү дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө нааразычылык жараткан. Ирак Швециянын бийликтеринен акцияны өткөргөн иммигрантты экстрадициялоону талап кылган.

Курандын өрттөлүшүн Өзбекстан, Казакстан, Иран, Алжир, Ооганстан, Египет, Индонезия, Ливан, Сирия, Түркия, Араб мамлекеттери лигасынын (LAS) баш катчысы Ахмед Абул Гейт жана Перс булуңундагы араб мамлекеттери боюнча кызматташтык кеңешинин башкы катчысы Жасем аль-Будайве айыптаган.

Комментарий жиберүү