Кыргызстан Швецияны Куранды өрттөөгө жол бербөөгө чакырды

 Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Швециянын расмий органдарын элдин диний сезимдерине таасир эткен Куранды өрттөө боюнча акцияларга жол бербөөгө чакырды.

Бул тууралуу КР ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

Кулубаев кечээ, 31-июлунда швед тараптын демилгеси менен Швеция Королдугунун Тышкы иштер министри Тобиас Билльстрём менен телефон аркылуу сүйлөшкөн.

“Билльстрём Ыйык Курандын китебинин нускасынын өрттөлүшүнө байланыштуу кырдаал тууралуу кыскача маалымат берип, бул маселе боюнча Швеция өкмөтүнүн позициясын белгиледи. Өз кезегинде Министр Жээнбек Кулубаев Швециянын расмий органдары элдин диний сезимдерине таасир эткен мындай терс көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча чараларды көрүшү керек деген пикирин билдирди”, – деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, тараптар Кыргызстан менен Швециянын эки тараптуу жана көп тараптуу форматта кызматташуу маселелерин талкуулашты. Тактап айтканда, саясий байланыштарды улантуунун жана ар кандай деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Эске салсак, июль айында “Даниялык патриоттор” деген ашынган улутчул топтун мүчөлөрү Ирактын Копенгагендеги элчилигинин алдында бир нече жолу Куранды өрттөп, 25-июлда мындай акцияны эки жолу: Египеттин дипломатиялык өкүлчүлүгүндө жана Түркиянын Копенгагендеги элчилигинде өткөрүшкөн.

Мындан тышкары, июнь айынын аягында Стокгольмдо Курман айт майрамы маалында Курандын мазакталып, өрттөлүшү дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө нааразычылык жараткан. Ирак Швециянын бийликтеринен акцияны өткөргөн иммигрантты экстрадициялоону талап кылган.

Курандын өрттөлүшүн Өзбекстан, Казакстан, Иран, Алжир, Ооганстан, Египет, Индонезия, Ливан, Сирия, Түркия, Араб мамлекеттери лигасынын (LAS) баш катчысы Ахмед Абул Гейт жана Перс булуңундагы араб мамлекеттери боюнча кызматташтык кеңешинин башкы катчысы Жасем аль-Будайве айыптаган.

Кечээ, 31-июлда Стокгольмдо парламент имаратынын алдында эки ирактык мигрант кайрадан Куранды өрттөшкөнүн РИА Новости швециялык Aftonbladet гезитине таянуу менен билдирди.

Акциянын уюштуруучулары Салван Момика менен Салван Нажем мусулмандардын ыйык китебин тебелеп, андан соң өрттөп жиберишкен. Акцияны өткөрүүгө Стокгольмдун полициясы уруксат берген.

Комментарий жиберүү