Баткен облусунда 36 дин кызматкерине эскертүү берилди

 Эгер алар кемчиликтерин оңдобосо, жумуштан алынат.

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалгы жана Баткен облустук казыятынын, ошондой эле хатибияттын буйрук, тапшырмаларын аткарууда кайдыгер мамиле кылгандыгы үчүн 36 дин кызматкерине эскертүү берилди. Бул тууралуу Муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Эгерде кызматкерлер кемчиликтерин жакшыртып, активдүү иш алып барууну жандандырбаса, кызматынан токтоосуз бошотулары эскертилди.

Белгилей кетсек, облус аймагында жалпы 535 мечит, 16 медресе бар. Алардын 36 дин кызматкерине расмий эскертүү берилген. Дин кызматкерлеринин арасында 1 райондун баш имам-хатиби жана 3 медресе мүдүрү бар.

Комментарий жиберүү