Талибандын 200дөн ашуун өкүлү Казакстанга барышты

  Кечээ, 1-августта Астанага Ооганстандын өнөр жай жана соода министри Нуриддин Азизи жетектеген бизнес делегациянын 200дөн ашуун өкүлү келди.

Келген конокторду борбор калаанын аэропортунан Казакстандын соода жана интеграция министри Серик Жумангарин тосуп алды.

“Биз Ооганстандан келген делегацияны тосуп алдык. 200дөн ашык адам”, – деп жазды Жумангарин Твиттердеги баракчасына.

Ал Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Ооганстан эң көп Казакстан менен соода жүргүзөрүн белгилеп, бул өлкө менен кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн чоң потенциал бар экенин кошумчалаган.

Делегациянын курамында Ооганстандын Борбордук банкынын жетекчилери, ири жеке банктардын өкүлдөрү, Da Afghanistan Breshna Sherkat (DABS) энергетикалык компаниясынын, Afghan Telecom (AfTel) телекоммуникация компаниясынын, Айыл чарба продукциялары жана мал чарба палатасынын, Соода-инвестиция палатасынын, ошондой эле Ооганстандагы айыл чарба, фармацевтика, өнөр жай, транспорт жана логистика, машина куруу, текстиль жана башка компанияларынын өкүлдөрү бар.

2-августта казак жана ооган компанияларынын презентациялары, B2B сүйлөшүүлөрү болот. 3-августта бизнес-форум башталып, 4-августта ооган товарларынын көргөзмөсү (ЭКСПО, Конгресс-борбор) борбордун бардык тургундары жана коноктору үчүн эшигин ачат.

Көргөзмөгө өлкөнүн ичинде жана сыртында ишмердүүлүк кылган 350дөй ооган команиясынын продукциялары, тагыраагы  тамак-аш азыктары, жез идиштер, мрамор, килемдер, зер буюмдар жана башка көптөгөн салттуу товарлар коюлат.

Талибандын соода министрлигинин билдирүүсүнө караганда, көргөзмөгө ошондой эле Ооганстандын өнөр жай, айыл чарба жана тоо-кен өндүрүшү да коюлат.

Белгилей кетсек, Казакстан талиптер бийликке келгенден кийин экономикалык кызматташууну активдүү жүргүзө баштады. Алсак, Казакстан менен Ооганстандын ортосундагы товар жүгүртүү 2022-жылы 987,9 миллион долларды түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу (474,3 миллион доллар) 2,1 эсеге көп. Казакстандан Ооганстанга экспорт 2022-жылы 2,1 эсеге өсүп, 978,9 миллион долларды түзгөн. Андан сырткары, Казакстан Ооганстанда соода үйүн ачкан, бул өлкөлөр ортосундагы сооданын өсүшүнө өбөлгө түзөт.Бул биринчи биргелешкен бизнес форум эмес. Мындай форум быйыл жазда Кабулда болуп өткөн.

Комментарий жиберүү