Зуль-Хижжа айы кирди. Бул айды кантип өткөрүү керек?

Ислам дининде тыюу салынган 4 ай бар. Бул айларда жакшы иш жасаса, башка айларга караганда көбүрөөк сооп берилет; ал эми күнөө иш жасаса, башка убакытка караганда жазасы оор болот. Тыюу салынган айлардын бири Зуль-Хижжа кечээ кирип келди. Бул айда мусулмандар ажылык милдетин аткарышат.

Зуль-Хижжа айынын алгачкы 10 күнү ыйык жана берекелүү күндөр болуп саналат. Аллах Таала бул 10 күн менен ант берген. Аллах улуу нерселер менен гана ант берет.“Таңга Ант! Он түнгө ант! (Куран, 89:1–2). 10 түн бул Зуль- Хижжа айынын 10 күнү экендигин Куран тафсирчилеринин көбү айтышкан.

Пайгамбарыбыз Мухаммед (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) аталган 10 күн бул дүйнөдөгү эң жакшы күндөр экендигине күбөлүк берген. Зуль-Хижжанын алгачкы 10 күнүндө Арафат күнү бар. Ошондой эле Ыйык Курман Айт дагы бул айда белгиленет.

БУЛ КҮНДӨРҮ КАНДАЙ АМАЛДАРДЫ КЫЛУУ КЕРЕК?

1. Орозо кармоо

Пайгамбарыбыз да Зуль-Хижжа айынын 9 күнүндө орозо кармаган. Ал эми 10-күн Курман Айтка туш келгени үчүн орозо кармоого болбойт.

2. Зикир кылуу

Имам ан-Навави мындай дейт: “Зуль-Хижжа айынын он күнүндө Аллахты зикир кылууну көбөйтүп, адаттагыдан аны көбүрөөк аткаруу керек экендигин бил. Ал эми Арафа күнү зикирди башка он күндөн көбүрөөк айткан абзел”.

3. Тобо кылуу

Бул кадыры көтөрүлгөн күндөрдө Аллахтан көп-көп кечирим суроо керек. Аллах Тааланын мээрим-ырайымына, кечиримине жана ыраазычылыгына ээ болуу үчүн тообо келтирүү жана күнөөлөрдөн оолак болуу зарыл.

4. Дуба кылуу

Өзүңдүн, жаамы мусулман бир туугандарыңдын эки дүйнө бактысына, жакшылыктарына жетүүсү үчүн көп дуба кылуу зарыл.

5. Таарынткан адамыңдан кечирим суроо

Бирөөнү капа кылган болсоң кечирим суроо, бирөөнүн акысын жеген болсоң, анын алдынан өтүп, колдон келсе акысын кайтарып берүү, жалпы элге жакшы, жумшак, жылуу мамиледе болуу, жакшылыктарды жасоо керек.

6. Нафил намаздарды окуу

7. Куран окуу

Кимде-ким бул амалдарды аткара албаса, анда жок дегенде башкаларга зыян келтирүүдөн алыс болсун. Мына ошондо да үлкөн сооп бар.

Комментарий жиберүү