Түркиядагы кезектеги президенттик шайлоодо кайрадан учурдагы мамлекет башчы Режеп Тайип Эрдоган жеңишке жетишти.
Консервативдүү саясатчы өлкөнү 20 жылдан бери башкарууда, алгач – премьер-министр катары, андан соң – президент. Бирок Эрдоган азыр жаш эмес: азыр 69да, ал эми президенттик мөөнөтү бүткөндө 74кө толот экен. Жергиликтүү ММКнын маалыматы боюнча, түрк лидери эми мураскору тууралуу ойлоно баштады, талапкерлердин арасында бир ысым башкалардан көбүрөөк айтылууда — Сельчук Байрактар.
43 жаштагы ишкер Эрдогандын кичүү кызына үйлөнгөн жана бүгүнкү күндө Украинанын Куралдуу күчтөрү тарабынан активдүү колдонулуп жаткан Baykar Makina компаниясынын директорлор кеңешин жетектейт. Сельчук Байрактар жөнүндө эмне белгилүү жана анын келечекте Түркиянын лидери юолууга мүмкүнчүлүгү канчалык?
Акыркы шайлоодогу айыгышкан күрөш
Түркиядагы президенттик шайлоо 2023-жылы дүйнө жүзүндөгү негизги саясый окуяга айланып, анын жүрүшүнө Россия, Кытай, Америка баш болгон дүйнөлүк улуу державалар өтө кунт коюу менен кызыгып карап турушту. Өлкөнү 20 жылдан бери башкарып келаткан Эрдоган менен бириккен оппозициянын талапкери Кемал Кылычдароглунун ортосундагы тирешүү эки турга созулду. Алгач көпчүлүк сурамжылоолорго ылайык, Эрдоган атаандашынан алдыга озгон менен жеңишке жетүүгө болгону жарым пайыз добушу аз болуп калды. Ал эми экинчи турда дээрлик төрт пайыз (2,3 миллион добуш) менен ишенимдүү алдыга озуп, 2028-жылга чейин жогорку бийлик креслосун сактап калды.
Президенттик шайлоонун экинчи турунда Эрдоган 52,18% добуш алды
Сыягы, бул ирет Эрдоган үчүн азыркы мөөнөт бийликтеги акыркы доору болот окшойт: Түркиянын конституциясына ылайык, президенттик кызматты катары менен эки мөөнөттөн ашык ээлегенге болбойт. Бирок ал иш жүзүндө үчүнчү ирет шайланып, лимиттен ашып кетти. Анткен менен өкмөт ага бул кадамга барууга шарт түзгөн бир жолун тапты. 2017-жылы эле Эрдогандын президенттик мөөнөтүнүн биринчи учурунда түркиялык конституцияга өлкөнүн парламенттик башкаруудан президенттикке өткөргөн олуттуу толуктоо киргизилген. Ошондуктан юстиция министрлиги Эрдогандын экинчи мөөнөтүн (2018-жылдан 2023-жылга чейин) биринчи мөөнөт деп эсептеп, ал эми 2023-жылы старт алган жаңы мөөнөттү экинчи деп аташкан.
Түркиялык саясый аналитик Хасан Селим Озерттин божомолу боюнча, Эрдоган эгер дагы эле президенттик кызматта калгысы келсе, анда дагы бир ирет шайлоого катышууга мүмкүнчүлүгү бар. Эгер парламент мөөнөтүнөн мурда шайлоо жарыялап жиберсе, анда ал дагы бир ирет шайлоого катышып, президенттик мөөнөтүн узарта алат. Түркиянын парламентинин көпчүлүк депутаттарынын колдоосуна ээ болгон Эрдоган Конституцияга жаңы толуктоолорду киргизип, президенттик мөөнөтүнүн жаңы лимитин түзүүгө мүмкүнчүлүгү бар.
Аналитиктин айтуусунда, баардыгы Түркиядагы саясый кырдаалга жана Эрдогандын өзүнүн амбициясына жараша болот. «Азырынча алдын ала божомол айтуу өтө эле эрте. Бирок Түркиядагыдай эле чет өлкөлөрдөгү да көпчүлүк эксперттер канткен менен Эрдоган 2028-жылдан кийин да бийликти кармап калууга аракет кыларынан күмөн санашат. Себеби баарына анын жаш курагы жол бербейт – 74 жашка келип калат. Түрк лидери бул тууралуу өзү деле айтып, азыркы президенттик жарыш ал үчүн акыркысы экендигин, андан кийин “жаштарга жол бошоторун” айткан.
Бир чети ден соолугу да быйылкы шайлоо алдында начарлай түшкөндүгү жашыруун болбой калды. Апрелде Эрдоган түз эфирде интервью берип жаткан учурда өзүн жаман сезген – кийин ашказан грип илдетине кабылгандыгын түшүндүргөн. Ал тургай Эрдоган шайлоонун үгүт өнөктүгү кызып, Кылычдароглунун “жылдызы” жана баштаганда шайлоо алдындагы үгүт иштерин: бир нече күнгө митингдер менен эл алдына чыгып сүйлөгөн иш чараларды токтотууга аргасыз болгон.
Мунун баары Эрдоган өзүнө мураскер издеп жатат деген имиштерди жаратып, кичүү кызы Сюмейенин күйөөсү, Baykar Makina компаниясынын ээликтеши Сельчук Байрактардын ысымы көп атала баштаган.
Инженерлер командасы менен биргеликте Байрактар бүгүнкү күндө дүйнөнүн Украинадан тартып, Эфиопияга чейинки өлкөлөрүндөгү аскердик конфликтеринде активдүү колдонулуп жаткан Bayraktar TB2 учкучсуз учагын жасап чыгарган.
Der Spiegel басылмасы “Эрдогандын өзүнүн балдары ар кандай себептер менен президенттик тактыны ээлегенге реалдуу мүмкүнчүлүгү жок”,- деп жазат. Аталган басылма “түрк Илон Маскы” деп атаган эл арасындагы белгилүү Байрактар идеалдуу мураскер боло алат. Эрдоган Байрактарды мураскери катары көрөрү тууралуу имиштер ал акыркы шайлоонун үгүт өнөктүгү учурунда өзгөчө басымды Түркиянын коргонуу-өнөржай комплексиндеги, айрыкча дрондорду өндүрүүдөгү ийгиликтерине жасагандыгын аналитик Хасан Селим Озертем белгилеген.
Күйөө балдарды өлкөнү башкарууга тартуу салты Осмон империясынын тарыхында болуп келгендигин Москва мамлекеттик университетинин (ММУ) Азия жана Африка институтунун Ыраакы жана Орто Чыгыш өлкөлөрүнүн тарыхы кафедрасынын доценти Павел Шлыков мисал келтирген. Султандардын сарайында ал тургай “дамад” (персчеден – “күйөө”) деген атайын титул болгон. Бул даражаны берүүгө түрк башчылары өтө олуттуу мамиле жасашып – ага кыздарына үйлөнгөндөрдүн баары эле татыктуу боло берген эмес. Ошол эле учурда бул титулду жоготуп алуу да коркунучу болгон: мисалы, Сулейман I Улуу даражалуу өзүнүн күйөө баласы Лютфи-пашаны ашкере түнт мүнөзү үчүн дамад жана баш вазир даражасынан ажыратып, сүргүнгө айдаган. Эрдоган деле османдык салтка кайтып келери жокко чыгарылбайт. Албетте, ал алгач дамад катары башка күйөө баласын— Берат Албайрактарды көргүсү келген.
Президенттин улуу кызы Эсреге үйлөнгөндөн кийин Берат Албайрактардын карьерасы жогорулай баштады: 2015-жылы парламентке шайланар менен ал энергетика министри кызматын ээлеген, ал эми 2018-жылы каржы министрлигин жетектеп калган. Күйөө баласы Эрдогандын жакын шакирттеринин бирине айлангандыгын бийликтеги партиянын мүчөсү The Financial Times басылмасына айтып берген. Анда Берат Албайрактар — бул болочок мамлекет башчы экендигин, азыр тажрыйба топтоп, өзүн жооптуу кызматта көрсөтүп жаткандыгын жалкоолор гана сөз кылган эмес.
Дональд Трамп президент кезинде анын күйөө баласы Жаред Кушнер өзүнүн мемуарларында 2019-жылы Эрдоган жана Албайрактар менен сүйлөшүү жүргүзгөндүгүн эске салган.
Түрк лидери ошондо өзүнүн күйөө баласына кайрылып, Жерад Кушнерге мындай деген: “Кеңешчилер президенттин кыжырына тийиши мүмкүн, ал эми күйөө балдар – эч качан”.
Албайрактардын мойнуна өлкөнү оор экономикалык жана каржылык кризистен чыгаруу тапшырмасы жүктөлгөн, бирок ал бул вазийпаны аткара алган эмес. 2020-жылы отставкага кетүүгө аргасыз болуп, ошондон бери эч кандай өкмөттүк кызматта иштебейт. Ал эми Эрдогандын инаугурациясы өткөн 3-июнь күнү парламентте кайнатасынын жанында Берат Албайрактар эмес, башка күйөө баласы — Сельчук Байрактар турду.
Ошол эле учурда белгилүү түрк журналисти Исмаил Саймаз анын президенттик администрацияга жакын булактары кийинки шайлоодо Байрактарды Адилетүүлүк жана өнүгүү партиясынан президенттикке талапкер катары көрсөтүүнү ойлоп жатышкандыгын тастыктагандыгын билдирген. Ага өткөн шайлоодо Кемал Кылычдароглуну колдогон Стамбулдун мэри Экрем Имамоглу каршы турушу мүмкүн. Саймаздын маалыматы боюнча, Эрдоган “2028-жылы бийлик менен коштошкондо эл аны саясатчы эмес, мамлекеттик ишмер катары эстеп калууну” каалай тургандыгын кошумчалаган.
Күйөө баланын канаты астында
Сельчук Байрактар Түркияда өтө белгилүү адам, бул ишкер тууралуу жаңылыктар аудиториянын жандануусун жаратат. Ага Twitterден 2,8 миллион адам жазылган, ушунча эле колдоочусу Instagramда да бар, ал эми анын кайнатасы менен түшкөн сүрөтүндөгү постуна эки соц тармакта үч миңге жакын комментарийлер жазылган. Алардын ичинен өтө популярдуусу “Сизге да президенттик жарашат” жана “Жаратканга таазим, анын (Эрдогандын) мураскору даяр”,- деген сөздөр.
Президентке күйөө бала экендигинен тышкары Байрактар өз элинде түркиялык бир нече аскердик конфликтерде өзүн көрсөткөн жана эң белгилүү түрк брендине айланган Bayraktar TB2 дронунун архитектору катары белгилүү. Шлыковдун белгилөөсүндө, TB2 учкучсуз учактары “XXI кылымдагы Калашников автоматы» болуп калды — ал америкалык жана израилдик ушундай куралдардан алты эсе арзан.
Baykar Makina компаниясы 1984-жылы Оздемир Байрактар тарабынан негизделген жана алгач автомашиналардын тетиктерин өндүрүүгө адистешкен. Анын ортончу уулу Сельчук 2000-жылы Стамбул техникалык университетинин инженер дипломун алып, андан кийин Пенсильвания университетинин магистратурасында окуу үчүн стипендия алып, учкучсуз учуучу аппараттарды жасоого адистешкен. Андан соң белгилүү Массачусетс технологиялык институтунда дагы бир даража алып, ал жерде учкучсуз тик учактарды эксплуатациялоону изилдеген.
2005-жылы жаш Сельчук түрк аскерлеринин алдында мини-дронду сыноодон өткөрүп, эгер анын долбоору мамлекет тарабынан колдоого алынса, анда беш жылдан кийин Түркия бул технология боюнча дүйнөнүн баардык өлкөлөрүнөн алдыга озорун убада кылган. 2006-жылы Baykar Makina учкучсуз учуучу аппараттын прототиби үчүн өкмөттүк сыйлыкты жеңип алып, бир жылдан кийин Сельчук Жоржиянын Технологиялык институтунун PhD программасына тапшырып, үй-бүлөлүк компаниянын техникалык директору кызматында иштеш үчүн окууну таштоого мажбур болгон. Baykar Makinaнын башкы директору болгон улуу агасы Халук менен бирге компанияны өнүгүүнүн жаңы векторуна көтөрүшкөн — эми анын максаты авиациялык продукция болгон.
2014-жылы түрк армиясынын куралына Bayraktar TB2 учкучсуз учагынын биринчи партиясы берилген; аны Түркияда террордук уюм деп саналган Күрдистан жумушчу партиясына каршы операцияда активдүү колдонушкан. Убакыттын өтүшү менен компанияда чет элдик сатып алган кардарлары пайда болгон, ошентип түркиялык учкучсуз учак өлкөнүн сыртындагы аскердик конфликтерде колдонула баштады: Ливия, Эфиопия, Тоолуу Карабахта жана өзгөчө Украинада – бул өлкөгө 2018-жылдан тартып берилген.
The Financial Times белгилегендей, Baykar Makina ал тургай Эрдогандын саясый оппоненттери үчүн да улуттук сыймыктын предмети болуп калды. Bayraktar TB2 активдүү колдонулган Украинада аскердик аракет учурунда түрк учкучсуз учагына арнап ыр чыгарылып, радиостанцияларга, үй жаныбарларына жана жаңы төрөлгөн наристелерге Байрактар деген ысым коюлган.
Азыр компания жасап чыгаруучулардын айтуусунда америкалык бешинчи муундагы F-35 истребителинен да озо турган биринчи түрк үндөн тез учуучу Bayraktar Kızılelma учкучсуз аппаратын жасап чыгаруунун үстүндө иштөөдө.
1990-жылдары эле Байрактардын улуусу Эрдоган менен жакшы мамиледе болгон – алар экөөсү тең кийин азыр бийликтеги Адилеттик жана өнүгүү партиясына айланган Ислам кайрымдуулук партиясында мүчө болушкан. 2016-жылы алардын үй-бүлөсү жакындашып, Сельчук түрк лидеринин кичүү кызы Сюмейеге үйлөнгөн. Үй-бүлөлүк байланыш компаниянын өнүгүүсүнө шарт түзгөн. “Түрк чиновниктери иш жүзүндө чет өлкөлүк өкмөттөр менен сүйлөшүүлөрдө Bayraktar учкучсуз учагын сатуучуларга айланган”,- деп жазат The Financial Times. Baykar ири түрк куралын экспорттоочусу болуп калды.
Baykar Makina компаниясы 2022-жылы дрон сатуудан $1,18
млрд киреше тапты
Бирок бир тууган Байрактар өздөрүнүн компаниясы президент менен тууганчылык байланышы болгондуктан өнүгүп кетти деген сөздөргө макул эмес. «Биз УУАнын (учкучсуз учуучу аппарат) өндүрүшүн 2000-жылдардын башында эле ишке киргизгенбиз, ал тургай буга менин атам, агам, апам, албетте, мен өзүм өмүрүбүздү арнадык», — деген Сельчук Байрактар BBCге маегинде.
Жогорку эшелон
Байрактар бир эле бизнес менен алектенбестен, өлкөнүн коомдук турмушуна да жигердүү катышат. Ишкер өлкөдөгү илимдин өнүгүшүн колдойт: ал энтузиастарды технологиялык продукцияларды иштеп чыгууга тарткан Түрк технологиялык командасын (T3 Foundation) негиздеген жана жыл сайын ондогон миң адам катышкан авиация, космос фестивалын өткөрөт.
Дүйнө коронавирус пандемиясына кабылганда Байрактар Түркияда өпкөнү жасалма дем алдырган аппаратты өндүрүүгө катышкан, ал эми быйылкы жылы фаевраль айындагы кыйратуучу жер титирөө болгон учурда компаниясы жабыркаган райондордо 1000 жаңы үйлөрдү куруп, андан тышкары 2000 эл жашай турган контейнер жеткирүүнү убада кылган.
Байрактар коомчулук тарабынан саясатчыга караганда көбүрөөк бизнесмен катары кабыл алынат деп жазат түрколог Павел Шлыков.Сельчук Байрактар өзү азырынча саясый амбициясы тууралуу суроолорго жооп берүүдөн оолактап, ММКдагы мураскердин ролу жөнүндөгү маалыматтарды ушак деп атайт. Ошол эле учурда ал келечекте саясат дүйнөсүнө кирип калышы мүмкүн экендигин кескин танган жок.
Байрактардын мындай сабырдуулугу Берат Албайрактардын тагдырын эң жакшы эстеп калгандыгына байланыштуу болушу мүмкүн дейт Павел Шлыков. Анын айтуусунда, саясый турмушка чыңалуу абалында аралашуу жана имиджин ошол калыпта түзүү алысты көрө билген саясатчы үчүн күнүмдүк болуп каларын жана кийин эскирип каларын өзүн мураскер катары санаган адам үчүн шашылыш кадам катары эсептелет.
Канткен менен Байрактар кайнатасынан бийлик чылбырын алууну кааласа, анда бул оңой жумуш эмес: бизнесмендин талапкерлигин бир гана шайлоочулар эмес, башкаруучу партиянын мүчөлөрү да колдош керек деп белгилейт аналитик Хасан Селим Озертем. Өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө баа бериш үчүн Байрактар мүмкүн өкмөттөгү кайсы бир кызматты ээлеш керектир. «Мындай кадам анын лидерликке умтулган саясый эркин көрсөтмөк», — деп баа берди түрк аналитиги. Анын айтуусунда, Байрактар өз күчүн саясатта көрсөткөнгө чейин ушул тепкичтерди басып өтүүгө тийиш. Ансыз шайлоочулардын колдоосуна ээ болуу оңой эмес.
Байрактар кайнатасын салтанаттуу иш чараларда коштоп жүргөн менен жаңы өкмөт менен парламентке кирген жок. Анткен менен түрк журналисттеринин жазганына караганда, минкабдагы жаңы ысымдардын бири – өнөржай жана технология министри болуп дайындалган Мехмет Фатих Качир Сельчук Байрактардын командасына кирет. Ишкер өзүн “саясатка караганда компьютердик код менен көбүрөөк алектенген технар-ботаник” катары көрсөткүсү келет.
Ал эми Украинадагы аскердик операцияда Байрактар Киевди колдоп, бир нече ирет УККга (ВСУ) өз өндүрүшүнөн жасалган дрондорду бекер берген. Мындан тышкары Baykar Makina Украинада дрон жасоочу завод ачууну пландаштырууда. Ал эми өткөн жылы бир тууган агасы Халук Байрактар Эрдогандын Россиядагы компания менен кызматташуу тууралуу сөзүнө карабастан, Россияга дрон берүүдөн кескин баш тарткан.
Компаниянын мындай кадамы эгер Байрактар чындап эле келечекте мамлекетти башкарып калса, саясый жагдайга караганда ишкерлик жана кадыр-барк топтоо кызыкчылыгын көздөйт деп санайт Озертем.
Эрдоган өзүнүн жаңы президенттик мөөнөтүн эми эле баштады. Беш жыл өткөн соң түрк лидери конституциядагы жылчыктарды пайдаланып же ага оңдоолорду киргизип, креслодо дагы бир аз отургусу келер. Балким, жек көрүү сезимин жакшы көрүүгө алмаштырып, Берат Албайрактарды чоң саясат дүйнөсүнө алып келгиси же мураскер катары үй-бүлөлүк чөйрөдөн тышкары талапкерди издеп калар. Канткен менен Сельчук Байрактар Эрдогандын жакын чөйрөсүнө аралашты жана түрк жарандарынын жүрөгүндө бекем орун алып, эгер мүмкүнчүлүк болуп калса, түрк саясатынын жогорку эшелонуна тоскоолдуксуз кире алат.
Даярдаган Эмилбек Момунов.