АКШда лабораторияда өстүрүлгөн тоок этин сатууга уруксат берилди

АКШнын Айыл чарба министрлиги жана азык-түлүктүн жана дарылардын сапатын көзөмөлдөөчү санитардык башкармалыгы (FDA) лабораторияда өндүрүлгөн жасалма тоок этин даярдоо жана сатууга уруксат беришти. 

Бул тууралуу Associated Press агенттиги жазды.

Лабораторияда тирүү канаттуулардын клеткаларынан өстүрүлгөн тоок этин сатууга уруксатты Калифорниядагы эки компания алды: Upside Foods жана Good Meat.

“Бул кадам жаныбарларга жасалган зыянды жоюуга жана айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин азайтууга багытталган эт өндүрүүнүн жаңы доорун ачты”, деап жазды агенттик.

Эки компания тең азык-түлүктүн жана дарылардын сапатын көзөмөлдөөчү санитардык башкармалыгы компниялардын продуктулары жегенге коопсуз, адамдарга коркунуч туудурбайт  деп таапкандан бир нече ай өткөндөн кийин макулдук алышты.

Этти жасоо үчүн жаныбардын клеткаларын алышып, аларды азыктандырып чоңойтушат. Өндүрүш процессинде формага келтирилет. 

Америка Кошмо Штаттары “лабораториялык этти” сатууга уруксат берген дүйнөдө экинчи өлкө болуп калды. Буга чейин мыйзамдуу түрдө Сингапурда гана сатылчу.

Бирок, лабораторияда жасалган эт азыктары жакын арада дүкөндөрдө сатылбайт. Компаниялар жаңы тамак-ашты адегенде АКШнын ресторандарында сатууну пландаштырууда. Мындан тышкары, мындай эттин баасы фермада өстүрүлгөн бакма канаттуулардан бир топ жогору болот.

Комментарий жиберүү