Германия Кыргызстан менен энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатында тажрыйба алмашууга даяр

Германия мындан ары да Кыргызстанга ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө, ошондой эле энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатында тажрыйба алмашууга даяр. Кыргызстанда бул үчүн абдан жакшы шарттар бар.

Бул тууралуу Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер президент Садыр Жапаров менен болгон жолугушуусунда билдирди.

Бүгүн президент Садыр Жапаров менен өлкөгө расмий сапар менен келген Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайердин сүйлөшүүлөрү болду.

Анын жүрүшүндө өлкө лидерлери кыргыз-герман эки жана көп тараптуу кызматташтыктын кеңири чөйрөдөгү маселелерин, ошондой эле бардык тармактардагы өз ара мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Жапаров немец делегациясынын башында турган Германия президентинин бул сапары – Германиянын Кыргызстан менен кызматташууну активдештирүүгө даярдыгынын жакшы бир белгиси экенин белгиледи.

Ал Штайнмайерди Кыргызстандын досу, Борбор Азия боюнча белгилүү саясатчы жана дасыккан, тажрыйбалуу адис катары таанымал деди.

Мамлекет башчысы бүгүнкү сүйлөшүүлөр кыргыз-герман кызматташтыгын деталдуу талкуулоого жакшы мүмкүнчүлүк берерине терең ишенерин айтты.

Өз кезегинде Германияны президенти Садыр Жапаровго Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, бул анын керемет Кыргызстан өлкөсүнө үчүнчү ирет келиши экенин белгиледи.

Штайнмайер Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелерге 30 жылдан ашык убакыт болгонун белгилеп, Германия Кыргызстандын көз карандысыздыгын эң алгачкы этапта биринчилерден болуп тааныган өлкөлөрдүн катарында экенин эске салды.

“Биз 30 жылдан ашык туруктуу, динамикалуу өнүгүп жаткан мамиледебиз. Буга мурдагы жылдары өткөн президенттердин деңгээлинде гана эмес, эки өлкөнүн министрлеринин деңгээлинде да болуп өткөн эки тараптуу сапарлар далил боло алат. Германия мындан ары да Кыргызстанга ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө, ошондой эле энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатында тажрыйба алмашууга даяр. Сиздин өлкөдө бул үчүн абдан жакшы шарттар бар”,-деп баса белгиледи Франк-Вальтер Штайнмайер.

Садыр Жапаров өз сөзүн улап, Кыргызстан Европада гана эмес, дүйнөдөгү лидер мамлекеттердин бири болгон Германия менен активдүү кызматташууну колдоорун белгиледи.

“Германия саясий абройунун жана экономикалык потенциалынын аркасы менен дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү үчүн, анын ичинде биз үчүн да үлгү болуп саналат. Биз демократиялык баалуулуктарды – Германияда да жогору бааланган негизги эркиндиктерди жана адам укуктарын тең бөлүшөбүз. Биз үчүн өлкөнүн демократиялык өнүгүүсүндө, күчтүү жарандык коомду жана укуктук мамлекетти курууда Германиянын мындан аркы колдоосу абдан маанилүү.

Азыркы учурда коомдун жашоо-турмушунун дээрлик бардык чөйрөлөрүндө реформалар жүргүзүлүүдө. Биринчи кезекте экономикалык, саясий жана социалдык тармактарда. Мен жарандын бардык көйгөйлөрүн мамлекеттик органдар тез арада чечиши керек деген түшүнүктү карманам”, – деп Жапаров.

Блегилей кетсек, Штайнмайер 20-21-июнь күндөрү мамлекетик сапары менен Казакстанда болгон. Сапардын алкагында ал республиканын президенти Касым-Жоомарт Токаев менен жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Казак президентинин басма сөз кызматы билдиргендей, президенттер казак-герман стратегиялык өнөктөштүгүнүн абалын жана өнүгүү келечегин талкуулашты. Тараптар саясий диалогду чыңдоого, соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык, транспорттук-логистикалык тармактарда кызматташууну тереңдетүүгө өзгөчө көңүл бурушту. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында сегиз келишимге кол коюлду.

Комментарий жиберүү