2050-жылы 1,3 миллиард адам кант диабети менен оорушу мүмкүн

2050-жылы 1,3 миллиард адам кант диабети менен оорушу мүмкүн деп болжолдонууда.

“The Guardian” гезитинин кабарына караганда, жаңы изилдөө 2021-жылы дүйнө жүзү боюнча 529 миллион адамды жабыркаткан кант диабетинин глобалдык масштабда күчөп 2050-жылы 1,3 миллиард кишиге таасир этээрин көрсөтүүдө.

30 жылдан кийин эч бир өлкөдө кант диабети менен ооругандардын санынын азайбай турганын болжолдогон изилдөө, семирүү жана саламаттыкты сактоо кызматтарына жетүүдө теңсиздиктин себебинен оорулардын эки эсе көбөйүшү мүмкүн экенин баса белгиледи.

“The Lancet” журналында жарыяланган изилдөөнүн авторлору, учурлардын көбүн түзгөн 2-типтеги кант диабетин эрте аныктоо менен алдын алууга жана калыбына келтирүүгө болорун айтышты.

Изилдөөчүлөр аз камсыз болгон же расизмге дуушар болгон топтордун инсулин дары-дармектерин алуу жана начар жашоо сапатынан улам кандагы кантты көзөмөлдөө кыйын болуп, жашоонун узактыгын кыскартарын баса белгилешти.

Маалыматтар Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) 2050-жылы дүйнө калкынын саны 9,8 миллиардга жетет деген божомолу эске алынганда, 7 адамдын 1инде кант диабети болорун көрсөтөт.

Саламаттыкты сактоо министрлиги, 2-тип диабетин инсулиндин жетишсиздигинен жана натыйжасыздыгынан улам пайда болгон диабеттин эң кеңири таралган түрү катары аныктоодо.

Комментарий жиберүү