Лавров: Ирандын өзөктүк куралы жок жана ал эскалацияны каалабайт

Иран Ислам Республикасынын өзөктүк куралы жок, муну Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) да тастыктайт.

Бул тууралуу Россиянын тышкы иштери министри Сергей Лавров россиялык үч ири радиостанцияга (“Комсомольская правда”, Sputnik жана  “Говорит Москва”) маек куруп жатып билдирди.

Ал Иран Израилдин коркунучтарынан улам өзөктүк саясатын кайра карап чыгышы мүмкүн деген билдирүүлөргө токтолуп, мындай билдирүүлөр Израилдин маалымат каражаттарында жана Батышта таркатылып жатканын айтып, алардын максаты дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн Израилдин Газа тилкесиндеги операцияларынан Иранга коркунуч катары буруу деп белгиледи.

“Алар Иранды, анын ичинде өзөктүк куралды колдонуу менен кол салууга айыптагысы келет. Иран Ислам Республикасынын өзөктүк куралы жок, муну МАГАТЭ да тастыктайт. Иран өзөктүк куралды жайылтпоо келишиминин катышуучуларынын арасында эң текшерилген өлкө. Иранда буга тыюу салган мыйзам, ал тургай фатва да бар”, – деп билдирди Лавров.

Ал белгилегендей, Иран Сириядагы консулдугуна кабыл алынгыс кол салууга жооп кайтаргандан кийин Россия менен Ирандын жетекчилигинин ортосунда жана россиялык өкүлдөр менен израилдиктердин ортосунда  телефондук байланыштар болуп, алар израилдиктерге Иран эскалацияны каалабай турганын айтышканын кошумчалады.

“Иран эл аралык укуктун жана дипломатиялык өкүлчүлүктүн статусунун одоно бузулушуна жооп бербей коё албайт, бирок ал эскалацияны каалабайт. Бардык эксперттер Ирандын реалдуу жообун дал ушундай баалашты”, – деп билдирди Россиянын ТИМ башчысы.

Эске салсак, Батыш Азиядагы кырдаал 1-апрелде Тель-Авив Тегерандын Дамаск шаарындагы дипломатиялык кеңсесине кол салгандан кийин кайра курчуп кеткен. Иран буга жооп кылып, 13-апрелдин кечинде Израилди көздөй бир нече ондогон пилотсуз учактарды жана баллистикалык ракеталарды аткан.

Ирандын Тышкы иштер министрлиги Тегеран соккуну  БУУнун Уставынын 51-беренеси боюнча жана эл аралык укук тарабынан таанылган Ирандын өзүн-өзү коргоого болгон ажырагыс укугунун алкагында гана жасаганын билдирген.

Израиль буга жооп катары 19-апрелге караган түнү Ирандагы объекттерге квадракоптерлер менен чабуул жасады. Иран ЖМКлары кол салуудан эч кандай кыйроолор жана жабыркагандар жок экенин маалымдашты.

Комментарий жиберүү