Дээрлик бир миллиард шайлоочу. Индияда дүйнөдөгү эң ири шайлоо башталды

Индияда бүгүн эртең менен жергиликтүү парламентке шайлоо башталды, аны журналисттер жана эксперттер адамзат тарыхындагы эң масштабдуу добуш берүү деп аташууда. Ага дээрлик бир миллиард шайлоочу катышат. Алар парламенттеги 543 орун кантип бөлүштүрүлөөрүн жана ким премьер-министр болорун чечет. Шайлоочулардын добушу парламенттеги 543 орун кантип бөлүштүрүлөөрүн жана ким премьер-министр болорун чечет.

Өлкөнүн чоңдугун жана дээрлик 1 миллиардга жеткен шайлоочулардын санын, ошондой эле коопсуздукту эске алуу менен Индияда шайлоо жети этапта өткөрүлөт. Акыркысы 1-июнга белгиленген. Добуш берүүнүн жыйынтыгы 4-июнга чейин чыгарылат.

Добуш берүү Индиянын бардык 28 штатында жана сегиз союздук аймагында өткөрүлөт. Жалпысынан миллиондон ашык шайлоо участкалары ачылат, деп билдирет NDTV.

Шайлоонун биринчи этабында 21 штатта жайгашкан 102 шайлоо округунда 187 миң шайлоо участкалары бүгүн жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат 07:00дө  иштей баштады. Анда өлкөнүн 166 миллиондон ашуун жараны добуш бере алат.

Биринчи этапта Индия парламентинин төмөнкү палатасы – Лок Сабхада 102 орунга кимдер ээ болоору чечилет, анын курамына 543 орун кирет. Алар үчүн 1625 талапкер ат салышууда.

Алдыдагы добуш берүүнүн фавориттеринин арасында башкаруучу “Индиянын элдик партиясы” (Бхаратия джаната партии), анын лидери премьер-министр Нарендра Моди, ал катары менен үчүнчү мөөнөткө премьер-министр болууга умтулуп жатат.

Акыркы жолу Индия парламентинин төмөнкү палатасына шайлоо 2019-жылы өткөн. Натыйжада башкаруучу “Индиянын элдик партиясы” экинчи жолу катары менен жеңишке жетип, анын лидери Нарендра Моди кайрадан өлкөнүн премьер-министри болгон.

Башкаруучу партиянын негизги оппоненти “Индиянын Улуттук Конгресси” болуп саналат, ал өлкөнү эгемендүүлүк мезгилинде жана 2014-жылдагы шайлоодо “Индиянын элдик партиясынын” сенсациялуу жеңишине чейин башкарган, ал кезде “Индиянын Улуттук Конгресси” болгону 52 мандатка ээ болгон.

Шайлоонун алдында “Индиянын Улуттук Конгресси” башка оппозициялык күчтөр менен коалицияга кирип, бирикме I.N.D.I.A.  (Indian National Developmental Inclusive Alliance) деп аталды.

Индиянын шайлоо комиссиясы шайлоону коопсуз жана таза өткөрүү үчүн бир катар чечкиндүү чараларды көргөн.

Добуш берүү жергиликтүү убакыт менен 18:00дө аякташы керек. Шайлоонун экинчи этабы 26-апрелде 13 штатта жайгашкан 89 шайлоо округунда өтөт.

Комментарий жиберүү