УКМК адам органдарын сатып жүргөн трансулуттук топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду

КР УКМК адам органдарын өлкөнүн чегинен тышкары сатуу боюнча туруктуу мыйзамсыз канал уюштурган эл аралык кылмыштуу топтун мыйзамсыз аракеттерин аныктаганын атайын кызматтын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын натыйжасында З.Р.З. аттуу жаран менен алдын ала макулдашуу боюнча адам органдарын сатуу каналын уюштурган К.А.К. аттуу жаран аныкталган.

К.А.К. чет элдик клиникаларда бөйрөк алмаштыруу үчүн ири суммадагы акчаны (80 миң долларга чейин) төлөөгө даяр бейтаптарды издөөнү жөнгө салган. Андан ары КР аймагында “Жалдоочулар” акчалай сыйлык үчүн донорлорду таап, аларды трансплантациялоо үчүн өздөрүнүн ички органдарын алдоо жолу менен берүүгө азгырышкан.

“Донорлор медициналык текшерүүдөн өтүүсү керек болгон, бирок организмдин абалына карабастан оң корутунду чыгарылып келген. Мындан тышкары, уюштуруучулар коррупциялык жолдор аркылуу операция жасалуучу клиникага тапшыруу үчүн бейтап менен болгон мамилеси тууралуу жасалма документтерди жасашып, Кыргызстандын чегинен тышкары чыгып турушкан”, – деп айтылат маалыматта.

Донорлор бир бөйрөгү үчүн орто эсеп менен миң доллардан жети миң долларга чейин, жалдоочулар болсо ар бир жиберилген донор үчүн үч миң долларга чейин алышкан. Ал эми акчанын олуттуу бөлүгү каналдын уюштуруучусуна – 30 миң доллардан 70 миң долларга чейин түшүп турган.

“17-апрелде бөйрөктү трансплантациялоо үчүн кезектеги донорду Кыргызстандын чегинен тышкары жөнөтүү учурунда «Манас» аэропортунун аймагынан КР жарандары К.А.К. жана З.Р.З. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди”, – деп белгиленет билдирүүдө.

Учурда аталган кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тийиштүү иш-чаралар уланууда.

Комментарий жиберүү