Эртең, 18-апрелден тартып Кыргызстанда TikTok бөгөттөлөт

18-апрелден тартып Кыргызстандын аймагында  TikTok `социалдык тармагы бөгөттөлөт. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматы боюнча, аталган социалдык тармакка бөгөт коюу чечими УКМКнын өлкөнүн аймагында TikTok сервисине кирүүнү чектөө боюнча катынын негизинде кабыл алынган.

Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы байланыш операторлоруна аталган кызматтын жеткиликтүүлүгүн чектөө боюнча чараларды көрүү зарылдыгы тууралуу кат жөнөттү.

“Мындай чечимди кабыл алууга TikTok тарабынан “Кыргыз Республикасында балдардын ден соолугуна жана физикалык, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адеп-ахлактык өнүгүүсүнө зыян келтирүүнү болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө” мыйзамдын 2-1-беренесин аткарбагандыгы негиз болгон”, – деп айтылат маалыматта.

TikTok`тун кыргыз сегментинде “контенттеги цензурага системалуу жана принципиалдуу мамиле жок” деп айтылган. Атап айтканда, УКМК “балдардын маалымат мейкиндигинде” мындай көзөмөл жок экенин белгилеген.

Белгилей кетүүчү жагдай, Маданият министрлиги 2023-жылы август айында Кыргызстанда TikTok`ту жабуу чечимин кабыл алган. Министрлик мындай чечимди 18 уюмдун кайрылуусу менен жана балдардын адеп-ахлактык тарбиясына терс таасирин тийгизип, психологиялык саламаттыгына зыян келтирүүчү маалыматтардан коргоого гана багытталган деп түшүндүргөн.

Сентябрь айында TikTok компаниясынын Чыгыш Европа жана Борбор Азиядагы өкмөттүк байланыштар жана корпоративдик иштер боюнча директору Сергей Соколов Бишкекке келген.

Ал эми ушул жылдын апрель айындан УКМК Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматына кат жөнөтүп, Кыргыз Республикасынын аймагында TikTok кызматына кирүүнү чектөө өтүнүчүн келтирген.

Комментарий жиберүү