“Chatham House” аналитикалык борборунун директору Ирандын Израилге жообун жаңы парадигма деп атады

Британиялык “Chatham House” аналитикалык борборунун башкы директору Санам Вакиль CNBC агенттигине берген маегинде Израилдин агрессиясына каршы Ирандын ракеталык жообуна баа берип, аны мурда болуп көрбөгөн жана жаңы парадигма деп атады.

Ал Израилге Ирандын ракеталык жообуна реакция кылбоо кыйын болорун билдирди.

Анын айтымында, бул реакция чыр-чатактын андан ары курчушуна алып келиши мүмкүн деген тобокелчиликтер дагы да бар.

Ал белгилегендей, Израилдин Ирандын аракетине кандай жана качан жооп кайтарары бардыгын аныктайт.

«Израилдиктер соңку бир нече күндөн бери Ирандан мындай жоопту күтүп жатышкан. Бирок Израилдин контрчабуулдары чыңалууну күчөтөт жана эки тараптын ортосунда түз согуш коркунучу али жоюла элек»,- деди Вакиль.

Анын айтымында, Израилдин Иранга олуттуу сокку урушу күмөн, бирок аймактагы согуштун кеңейиши чоң чыгымдарга алып келет.

Ошол эле учурда АКШнын президенти Жо Байден өлкөсү Израилди колдой турганын кайталаганы менен, Вашингтон Иранга каршы эч кандай каршы чабуулга катышпай турганын да баса белгилеген.

Бир жагынан Ак үйдүн кожоюндары Иранга каршы эч кандай реакция кылбоосун талап кылса, экинчи жагынан алдыдагы президенттик шайлоону чыдамсыздык менен күтүүдө, анда Байден Тегеранга катаал мамиле жасабаганы үчүн сынга алынат.

Эске салсак, Иран 14-апрелге караган түнү Израилдин аймагына ракета жана дрондор менен абадан сокку урган. Бул Израилдин аймагына Тегеран түз жасаган биринчи чабуул болуп калды. Тегеран муну Дамасктагы  консулдугуна 1-апрелде жасалган кол салуу үчүн өч алуу деп түшүндүрдү.

Ирандын БУУдагы туруктуу өкүлү Саид Иравани Ислам революциясынын сакчылар корпусунун операциясы БУУнун Уставынын 51-беренеси боюнча жана эл аралык укук тарабынан таанылган Ирандын өзүн-өзү коргоого болгон ажырагыс укугунун алкагында гана жасалганын айткан.

Комментарий жиберүү