Бишкектеги Азия чемпионаты: грек-рим күрөшү боюнча Иран 1-орунду, Кыргызстан 2-орунду алды

Бишкекте өткөн Азия чемпионатында Ирандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасы командалык эсепте 1-орунду, Кыргызстан 2-орунду жана Япония 3-орунду ээледи.

Аталган таймашка жыйырма өлкөнүн тандалган балбандары катышты.

Грек-рим күрөшү боюнча мелдеште  спортчулар 10 салмак ченинде күч сынашты (55 кг, 60 кг, 63 кг, 67 кг, 72 кг, 77 кг, 82 кг, 87 кг, 97 кг жана 130 кг).

«Eurasia Today» маалымдагандай, жалпы командалык эсепте Иран 200 упай, Кыргызстан 144 жана Япония 142 упай алды.

Учурда Кыргызстандын капчыгында 5 медаль бар (1 алтын, 2 күмүш жана 2 коло).

Алтын медалды Жоламан Шаршенбеков (60 кг) жеңсе, күмүш байгени Раззак Бейшекеев (67 кг) жана Акжол Махмудов (77 кг) багындырды. Коло медалга Улан Муратбек уулу (55 кг), Бекзат Орункул уулу (82 кг) жана Эрлан Манатбеков (130 кг) татыды.

Ал эми ирандык балбандар 4 алтын, 3 күмүш жана 2 коло медалга ээ болушту.

Алтын медал алган балбандар: Мурад Эсмаили Лейвеси (67 кг),  Касеми Ализадех (87 кг), Абдуллах Сарави (97 кг) жана Амин Мирзазадех (130 кг);

Күмүш: Сулат Дад Марз (55 кг), Махмуд Рустами (72 кг) жана Садех Гармсири (82кг);

Коло: Мохаммадреза Дехбозорги (60 кг) жана Иман Хуссейн Мохаммади (63 кг).

Япониянын курамасы (72, 77 жана 82 кг) салмак категорияларында 3 алтын медаль алышты.

Бишкек шаарында “Бишкек Арена” муз аянтчасында спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча Азия чемпионаты болуп өттү.

Анда 20га жакын мамлекеттин курама командалары күч сынашты. Алар: Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Түштүк Корея, Кытай, Индия, Япония, Иран, Палестина, Ирак, Түндүк Корея, Монголия, Шри-Ланка, Ирак, Пакистан, Бахрейн жана Тажикстан.

11-12-апрель күндөрү эркин күрөш , 13-14-апрель кыз-келиндер арасында, 15-16-апрель грек-рим күрөшү боюнча беттештер орун алды.

Ирандын балбандары буга чейин эркин күрөш боюнча да 5 алтын, 3 колого ээ болуп, жалпы эсепте 1-орунду багындырышкан.

Экинчи орунду Япония алса, Кыргызстан 3-орунду ээлеген.

Жалпы командалык эсепте Иран 190 упай, Япония 130 упай жана Кыргызстан 121 упай алган.

Комментарий жиберүү