Дубай менен Оманды суу каптады: каза болгондор бар

Нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Дубай менен Оманды суу каптады.

Кургакчыл аймак үчүн сейрек болгон катуу жаанга байланыштуу Flydubai авиакомпаниясынын каттамдары токтотулду.

Дубай эл аралык аэропорту (дүйнөдөгү эң ири транспорттук хабдардын бири) аба ырайы жакшырмайынча каттамдарды кабыл албайт.

Нөшөрлөп жааган жаандан улам ири магистралдарды жана жапыз көчөлөрдү суу каптады. Абу-Даби, Дубай, Шарджа жана Рас-Аль-Хаймада бир катар жолдор жабылды.

https://t.me/rian_ru/241589?embed=1
Коомдук транспортко чектөө киргизилип, метро үзгүлтүк менен иштеп жатат. Дубайда айдоочуларды унаа менен жолго чыгууга чыкпай туруууга чакырышты.

Өлкө бийлиги тургундарга өтө зарылчылык болбосо, үйлөрүнөн чыкпоого кеңеш берди.

Мамлекеттик жана жеке мекемелер аралыктан иштөөгө өтүштү. Ошондой эле, аба ырайы бузулуп турганда мектептерде жана ЖОЖдордо сабактар ​​аралыктан өткөрүлөт.

БАЭде нөшөрлөгөн жамгыр дүйшөмбү күнү жаап баштап, шейшемби күнү жаандын экинчи толкуну башталган. БАЭнин Улуттук метеорологиялык борбору акыркы 75 жылдагы эң көп жаан-чачынды каттады.

Борбордун маалыматы боюнча, Абу-Даби эмирлигинин чыгышындагы Эль-Айн шаарында 24 саатка жетпеген убакытта жааган жамгырдын деңгээли 254,8 миллиметрге жеткен. Бул, адатта, бир жарым жыл ичинде бул Арабия өлкөсүндө жааган жаан-чачындын орточо көлөмү.

Ал эми коңшу Омандагы Түндүк Шаркия провинциясында катуу суу ташкынынан 18 адам, анын ичинде он мектеп окуучусу каза тапканын As-Sharq Awsat гезити жазды. Окуучулар түшкөн унааны суу агызып кеткен.

https://t.me/rt_russian/197611?embed=1

Суу ташкынына Омандын бир катар провинцияларында акыркы бир нече күндөн бери нөшөрлөп жааган жамгыр себеп болгон.

Омандык куткаруучулар Аль-Мудхаиби районундагы суу каптаган мектептен 1200 окуучуну куткарып алууга жетишкенин айтышты.

Катуу жаан Бахрейн, Катар жана Сауд Арабияда да болду.

Комментарий жиберүү