Дүйнөдөгү жана Казакстандагы эң бай адамдар аталды: рейтинг

2023-жылы дүйнө жүзүндөгү эң бай адамдардын саны 42%га көбөйүп, 626,6 миң адамды түздү. 

Көзкарандысыз Knight Frank консалтинг компаниясынын божомолу боюнча 2028-жылы алардын саны дагы 28,1%га көбөйүп, 802,9 миң адамга жеткендигин  Knight Frank консалтинг компаниясынын маалыматына таянып  Tengrinews.kz сайты билдирди.

Knight Frankнин эсеби боюнча, жеке капиталы 30 миллион доллардан ашкан адамдардын көпчүлүгү Түндүк Америкада жашашат: 253,1 миң адам – бир жыл мурдагыдан 7,2%га көп.  Эң бай адамдардын көпчүлүгү Азия жана Европада катталган: 165,4 миң жана 155,2 миң адам. Андан кийинки орунда Жакынкы Чыгыш (18,8 миң адам), Австралия (17,9 миң адам), Түштүк Америка (13,2 миң адам) жана Африка (3 миң адам).

Бай адамдардын “топтошкон ордосу” катары эсептелген Бельгия, Сауд Аравиясы, БАЭ жана Россиядагы бай адамдардын канча капиталы бар экендиги тууралуу так цифра болбогондуктан, алар отчетко киргизилген эмес.

Өлкөлөр боюнча алып караганда өтө бай адамдардын үчтөн бири АКШда жашашат: 225,1 миң адам. Андан кийин Кытай: 98,6 миң адам. Бул эки өлкөгө дүйнөдөгү баардык эң бай адамдардын жарымынан көбү туура келет.

Эң бай  адамдар жашаган өлкөлөрдүн  алдыңкы бештигинин тизмесине ошондой эле Германия (29 миң адам), Канада (27,9 миң адам) жана Франция (24,9 миң адам) кирет.

Казакстан Knight Frankтин тизмесине кошулган эмес, бирок Forbes World’s Billionairesтин 2024-жылдагы жаңыланган рейтингинде бир эле мезгилде алты казакстандык дүйнөдөгү миллиардерлердин тизмесине кирген. Биринчи ирет  Вячеслав Ким 5,8 миллиард доллар байлыгы менен эң бай казакстандык болуп аталды.  Андан кийинки орунда Тимур жана Динара Кулибаевдер турат (5 миллиард доллардан), Владимир Ким (3,6 миллиард доллар), Тимур Турлов (3,3 миллиард доллар) жана Булат Утемуратов (2,7 миллиард доллар).

Планетанын эң бай адамы болуп экинчи жылы катары менен 233 миллиард доллар байлыгы менен франциялык магнат Бернар Арно аталды.

Комментарий жиберүү