Эксперт: Нетаньяху Иран менен эскалацияга Газадагы өз максаттарына жетпегендиктен барды

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Иран менен эскалацияга Газа тилкесиндеги аскерий максаттарга жете албагандыктан барганын египеттик эксперттер РИА Новостиге билдирди.

Александрия университетинин эл аралык мамилелер боюнча профессору Ахмед Фуаддын айтымында,  Израилдин Иран менен эскалацияга баруусуна өкмөт башчысынын (Нетаньяху – ред.) Газадагы аскердик максаттарына жетише албагандыгы, атап айтканда ХАМАСты толугу менен жок кыла албагандыгы жана Газада кармалып жаткан барымтадагыларды бошото албашы себеп болду.

Израиль БУУнун Коопсуздук Кеңеши Газа тилкесиндеги “ок атышууну дароо токтотууну жана бардык барымтадагыларды эч кандай шартсыз бошотууну” талап кылган март айында кабыл алган резолюциясына карабастан, Газаны алты айдан бери бомбалоону токтото элек.

Сионисттик режимдин агрессиясы башталгандан бери набыт болгон палестиналыктардын саны 33 миң 843кө жетип, 76 миң 575и жараат алды. Алардын көбү балдар жана аялдар.

Уланып жаткан согуш Газа тилкесинин инфраструктурасына олуттуу зыян келтирип, имараттар урандыга айланып, миллиондогон газалыктар түштүктөгү Рафах шаарына эвакуацияланууга аргасыз болушту. Нетаньяху Газадагы согуштук аракеттер бардык максаттар ишке ашмайынча улана турганын айткан. Бирок алты айдан бери Нетаньяху бир дагы максатына жете элек.

Эксперт Нетаньяху Иран менен түзүлгөн кырдаалды Израилдин Газадагы палестиналыктарга каршы жасап жаткан аракеттеринен дүйнөнүн көңүлүн алагды кылуу үчүн пайдалана албайт деп эсептейт.

Айн Шамс университетинин Израил таануу боюнча адиси Мохаммед Аббуд Нетаньяхунун максаты өзүнүн имиджин калыбына келтирүү жана ал бийликте калууга татыктуу экенин далилдөө деп эсейтейт.

14-апрелге караган түнү Ирандын куралдуу күчтөрүнүн элиталык бөлүгү – Ислам революциясынын сакчылар корпусу Израилдин 1-апрелде Сириядагы Иран консулдугуна кол салуусуна жооп иретинде Израилдин аймагына сокку урду. Чабуулда бир нече жүздөгөн ракеталар жана учкучсуз учуучу аппараттар менен болгон.

Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Мохаммад Багери Тегеран “Чындык убада” операциясын аяктагандыгын жана аны улантпай тургандыгын билдирген. Бирок эгерде Израил кандайдыр бир дагы башка чараларды көрө турган болсо, Ирандын кийинки операциясы мурдагыдан катуу болорун убада берген.

Израил жакын арада Ирандын чабуулуна жооп иретинде чара көрүшү мүмкүн экени маалымдалган. Ирандын ТИМ башчысынын орун басары Али Багери Кяни эгерде Израил Ирандын чабуулуна жооп кыла турган болсо, Тегеран контрчараларды өткөн окуядагыдай 12 күндөн кийин эмес, секунда өткөрбөй жасай турганын эскетти.

Комментарий жиберүү