Иран Улуттук армия күнүндө аскердик күчүн көрсөттү. Сүрөт, видео

Бүгүн Иранда Улуттук армия күнүнө карата өлкө боюнча аскердик параддар өткөрүлүп, өлкөнүн акыркы аскердик жетишкендиктери көрсөтүлдү.

Видеоплеер

00:55

01:06

Ирандын борбору Тегерандагы параддын ачылыш аземине Ислам Республикасынын президенти Ибрахим Раиси жана жогорку аскер адамдары катышты.

Раиси өз сөзүндө куралдуу күчтөрдү кесиптик майрамы менен куттуктап, армия «мекенди, аймактык бүтүндүктү жана Ислам революциясынын баалуулуктарын коргоодо» маанилүү роль ойноорун белгиледи.

Тегерандан тышкары, Ирандын куралдуу күчтөрүнүн параддары республиканын башка провинциялык борборлорунда, анын ичинде Мешхед, Исфахан, Шираз, Санандаж, Биржанд жана Хамаданда да өттү.

Аскердик парадда өлкөнүн кургактагы, аба жана деңиз күчтөрүнүн акыркы жетишкендиктери анын ичинде тик учактар, согуштук учактар, абадан коргонуу куралдары, коргонуу комплекстери,  учкучсуз учуучу учактар, ракеталар, брондолгон унаалар көрсөтүлдү.

Армия күнү Иран Ислам Республикасынын негиздөөчүсү аятолла Рухолла Мусави Хомейни тарабынан 1979-жылы негизделген жана адатта жыл сайын 18-апрелде белгиленет, бирок быйыл майрам 17-апрелге жылдырылды.

Комментарий жиберүү