Дүйнө мусулмандары Орозо айын кандай өткөрүп жатышат? Сүрөт

Дүйнө мусулмандары Орозо айын кандай өткөрүп жатышат? Сүрөт

Азыркы учурда дүйнөдөгү мусулмандар отуз күндүк орозо тутууда. Орозо кармоо ислам дининин беш негизги парзынын бири болуп саналат. Бул айда мусулмандар күн чыккандан күн батканга чейин оозуна наар албайт, суу да ичпейт, жаман иштерден алыс болуп, жакшылыктарды тилек кылып намаздарды калтырбай окуйт. Быйыл Орозо айы 11-мартта башталды. Дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө Орозо  айы кандай өтүп жактанын сүрөт түрмөгүнөн көрүңүз. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Улуттук Курултайдын катышуучуларына ооз ачар өткөрдү.  Ирандын Мешхед шаарындагы Имам Реза мавзолейинин аянтындагы ооз ачууга…

Прочитайте больше

Жаздын жана жаңылануунун символу. Ирандыктар Нооруз майрамын кандай белгилешет?

Жаздын жана жаңылануунун символу. Ирандыктар Нооруз майрамын кандай белгилешет?

Нооруз – Иран жана түрк элдеринин улуттук майрамы, адамзат тарыхындагы эң байыркы майрамдардын бири. “Нооруз” сөзү перс тилинен которгондо «нав» – жаңы жана «руз» – күн деген эки түшүнүктөн туруп, «жаңы күн» дегенди билдирип, күн календары боюнча жаңы жылдын башталышын билдирет. Ал күн менен түн теңелген маалда, иран календары боюнча фарвардин айынын биринчи күнү (21-мартта) белгиленет. Нооруз түрдүү элдерде ар кандай – Новруз, Навруз, Нуруз, Невруз, Наурыз, Нооруз ж.б. деп аталат. 2010-жылдын февраль айынын аягында…

Прочитайте больше

Ирандын Жогорку лидери: “Батыш цивилизациясынын аялдарга карата мамилеси – пайда жана ырахат алуу”

Ирандын Жогорку лидери: “Батыш цивилизациясынын аялдарга карата мамилеси – пайда жана ырахат алуу”

«Батыш цивилизациясынын аялдар маселесине карата мамилеси эки фактордон турат: пайда жана ырахат алуу”. Бул тууралуу Ирандын Жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи өлкөдөгү ар түрдүү катмардагы аялдардын тобу менен болгон жолугушуусунда билдиргенин “Fars News” агенттиги жазды. Анын айтымында, Ислам менен Батыштын аялдын иденттүүлүгү, анын баалуулуктары, укуктары, милдеттери, эркиндиктери жана чектөөлөрүнө карата мамилеси бири-бирине карама-каршы келерин айтты. Хаменеи Исламдагы аялдар маселеси Исламдын күчтүү жактарынын бири экенин айтып, Ислам аялдарга тиешелүү бардык тармактарда күчтүү логикага жана рационалдуу колдоого ээ деди….

Прочитайте больше

Садыр Жапаров Москвадагы жеңиш парадына катышты. Сүрөт

Садыр Жапаров Москвадагы жеңиш парадына катышты. Сүрөт

 Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-майда, Россияга жасаган расмий сапарынын алкагында Москва шаарындагы Кызыл аянтта Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгына арналган парадга ардактуу конок катары катышты. Салтанаттуу жүрүшкө 30 параддык эсепте 8 миңден ашык аскер кызматкерлери жана 125тен ашык аскердик техника катышты. Жеңиш парады аяктагандан кийин президент Садыр Жапаров жана Россиянын президенти Владимир Путин Армения, Беларусь, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын лидерлери, ошондой эле делегация башчылары жана Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери менен бирге…

Прочитайте больше

Монархия кулаган күн. Иранда Ислам революциясынын жеңишине арналган жүрүшкө 20миллиондон ашуун адам чыкты

Монархия кулаган күн. Иранда Ислам революциясынын жеңишине арналган жүрүшкө 20миллиондон ашуун адам чыкты

 11-февралда Иранда Ислам революциясынын жеңишинин 44 жылдыгы даңазалуу белгиленди. Мындан 44 жыл мурун болгон революцияда шахтын бийлиги кулатылып, монархияга чекит коюлган. Жыл сайын бул күнү өлкө боюнча миллиондогон адамдар жөө жүрүшкө чыгышып, Ислам революциясынын жеңишинин жылдыгы бүтүндөй өлкө аймагында массалык түрдө өзгөчө шаңдуу белгиленет. Быйыл дагы өлкөнүн бардык провинциялары менен шаарларынын борбордук көчөлөрү элге жык толуп, майрамдык маанай сезилди. Жөө жүрүшкө 20 миллиондон ашуун адам чыкты. Алар өлкөнүн желегин, Жогорку лидер Аятолла Али Хаменеинин, Ислам Республикасынын негиздөөчүсү Аятолла…

Прочитайте больше

Иран президенти дүйнөдөгү таасирдүү аялдарды кабыл алды. Алардын катарында Айгүл Жапарова да бар

Иран президенти дүйнөдөгү таасирдүү аялдарды кабыл алды. Алардын катарында Айгүл Жапарова да бар

 Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова Ирандын президенти Ибрахим Раисинин Тегеран шаарында өтүп жаткан илим жана маданияттагы таасирдүү аялдардын Биринчи эл аралык Конгрессинин катышуучулары менен жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушууга Армениянын премьер-министринин, Сербиянын, Ирактын, Буркина-Фасонун президенттеринин жубайлары, ошондой эле Европа, Азия, Африка жана Латын Америкасынын 40тан ашык өлкөлөрүнүн жогорку деңгээлдеги делегациялары, анын ичинде Азербайжандын, Казакстан, Россия, Түркмөнстан, Өзбекстан, Пакистан, Индонезия, Малайзия, Сальвадор, Кытай, Япония ж.б. өкүлдөрү да катышты. Ирандын президенти Ибрахим Раиси өз…

Прочитайте больше

Садыр Жапаров жаңы сатылып алынган Airbus H145 тик учагын сынап көрдү. Сүрөт

Садыр Жапаров жаңы сатылып алынган Airbus H145 тик учагын сынап көрдү. Сүрөт

 Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-декабрда, Кыргызстанга келген экинчи жаңы Airbus H145 тик учагында айланып учуп, сыноодон өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди. Республикалык бюджеттин эсебинен Германиядан сатылып алынган жаңы тик учак Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин балансына өткөрүлдү. Airbus H145 эң акыркы навигация жабдуулары, автопилот, TAS 620 жолдогу жагдайды эскертүү системасы, кошумча абаны тазалоо системасы жана башкалар менен жабдылган. Жаңы техниканы колдонуу кырсыктардын алдын алууга жана алардын кесепеттерин жоюуга, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү убактысын…

Прочитайте больше

Иран армиясы учкучсуз учуучу учактарынын күчүн көрсөттү. Сүрөт

Иран армиясы учкучсуз учуучу учактарынын күчүн көрсөттү. Сүрөт

Кечээ, 24-августта Ирандын Куралдуу күчтөрү аскердик учкучсуз учуусу учактарды массалык түрдө колдонуу менен аскердик машыгууларды баштады. Маалыматка ылайык, машыгууларга ар кандай түрдөгү жана модификациядагы 150дөн ашык учкучсуз учуучу учактар катышууда. Эки күн бою Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн, кургактагы күчтөрүнүн, аба күчтөрүнүн, деңиз жана абадан коргонуу күчтөрүнүн бөлүктөрү түштүктөгү Перс жана Оман булуңдарынан тартып түндүктөгү жана батышындагы аймактарга чейинки кеңири аймактын үстүндө аскердик дрондор менен өз ара аракеттенүүнү иштеп чыгышат. Машыгуу учурунда учкучсуз учуучу учактарды чалгындоо, патрулдук…

Прочитайте больше

Иранда Аль-Кудс күнү белгиленип, миңдеген адамдар жөө жүрүшкө чыкты. Сүрөттөр

Иранда Аль-Кудс күнү белгиленип, миңдеген адамдар жөө жүрүшкө чыкты. Сүрөттөр

Ыйык Рамазан айынын акыркы жумасы Эл аралык Аль-Кудс күнү катары белгиленет. Бул күнү дүйнө мусулмандары Палестина элине тилектештигин билдиришет. Аль-Кудс күнү Ирандын руханий лидери Аятолла Хомейни тарабынан 1982-жылы негизделген. Бул күн Иран боюнча жыл сайын белгиленип, миңдеген адамдардын катышуусунда Израилге каршы демонстрациялар, митингдер жана жөө жүрүштөр өтөт. Бүгүнкү жүрүшкө Ирандын президенти Ибрахим Раиси да катышты.  Эл аралык Аль-Кудс күнү Ирандан тышкары, Түркия, Пакистан, Индия, Йемен, Ирак, Сирия, Ливан, Африка өлкөлөрүндө, Түштүк-Чыгыш Азияда, ошондой эле АКШда жана Европада дагы белгиленет.

Прочитайте больше

БМУда Ирандын тарыхы жана маданиятынын сүрөт көргөзмөсү өттү. Сүрөттөр

БМУда Ирандын тарыхы жана маданиятынын сүрөт көргөзмөсү өттү. Сүрөттөр

Борбор калаадагы Бишкек мамлекеттик университетинде (БМУ) Иран жана Кыргызстандын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына карата «Ирандын тарыхы жана маданияты». «Бүгүнкү Иран» аттуу сүрөт көргөзмөсү болуп өттү. Иш-чара Ирандын Бишкектеги маданий өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулду. Ага  Ирандын Кыргызстандагы элчиси Саид Харрази, Ирандын Кыргызстандагы Маданий өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Парвиз Гасеми, БМУнун ректору Мусаев Абдылда, БМУнун Чыгыш таануу факультетинин деканы Таласбек Машрапов,  БМУнун Чыгыш таануу факультетинин кафедра башчысы, кыргыз-перс сөздүгүнүн түзүүчүсү Нурлан Балтабаев, окутуучулар жана студенттер катышты. Көргөзмөнүн ачылышынан кийин иш-чаранын коноктору университеттин залындагы Ирандын кол өнөрчүлүк…

Прочитайте больше

Берлинде 100 миңден ашуун адам Украинадагы операцияга каршы жүрүшкө чыкты. Сүрөттөр

Берлинде 100 миңден ашуун адам Украинадагы операцияга каршы жүрүшкө чыкты. Сүрөттөр

Кечээ, 27-февралда Германиянын баш калаасы Берлинде Украинадагы тынчтык үчүн массалык демонстрацияга 100 миңден ашуун адам чыкты. Германияда көптөн бери нааразылык демонстрациялары мынчалык көп адамдарды чогулта элек болчу. Акцияга саясатчылар, профсоюздардын өкүлдөрү, экоактивисттер, диаспора өкүлдөрү жана кайдыгер карабаган адамдар чогулду. Демонстрациянын катышуучуларынын көбү плакаттарды, Украинанын желегин көтөрүп, “Биз тынчтык үчүн” деген ураандарды чакырышып, Украинадагы согушту токтотууну талап кылышты. Ошондой эле демонстранттар Украинага тилектештик билдирип асманга сары жана көк шарларды учурушту. Орусиянын Украинадагы атайын аскердик операциясы төрт…

Прочитайте больше

Бишкектеги Иран элчилигинде Ислам революциясынын 43 жылдыгы белгиленди (фото)

Бишкектеги Иран элчилигинде Ислам революциясынын 43 жылдыгы белгиленди (фото)

11-февралда Ирандын Бишкектеги элчилигинде Ислам революциясынын 43 жылдыгы салтанатуу белгиленди. Бул дата Иран менен Кыргызстандын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнүн 30 жылдыгына туш келди. Иш-чарага бир катар өлкөлөрдүн дипломаттары, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, жогорку окуу жайлардын ректорлору, журналисттер катышты.

Прочитайте больше

Ирандагы Ислам ыңкылабына 43 жыл. Сүрөттөр

Ирандагы Ислам ыңкылабына 43 жыл. Сүрөттөр

11-февралда Иран Ислам Ыңкылабынын жеңишинин 43 жылдыгы бүтүндөй өлкө аймагында массалык түрдө өзгөчө шаңдуу белгиленди. Жума күнү Ирандын бардык провинциялары менен шаарларынын борбордук көчөлөрү элге жык толуп, майрамдык маанай сезилди. Миңдеген адамдар Ирандын желегин колго алышып, өлкөнүн Ислам өкмөтүн колдой тургандыктарын жана душмандарга каршы бирдиктүү турушаарын көрсөтүштү. Мындан 43 жыл мурда, 1979-жылы 1-февралда (12-бахман) Иран Ислам Республикасынын  негиздөөчүсү Имам Хомейни 15 жылдык сүргүндөн мекенине кайтып келген. Хомейни Иранга кайтып келгенден он күн өткөндөн кийин 11-февралда (22-бахман) Иран…

Прочитайте больше

Бишкекте Ирандагы Ислам революциясынын жеңишинин 43 жылдыгына арналган фотокөргөзмө ачылды (фото)

Бишкекте Ирандагы Ислам революциясынын жеңишинин 43 жылдыгына арналган фотокөргөзмө ачылды (фото)

10-февралда Бишкектеги Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт өнөр музейинде “Иран: кечээ жана бүгүн. Ислам революциясынын жетишкендиктери” аттуу фотокөргөзмөнүн салтанаттуу ачылышы болду. Бул иш чара Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы Элчилигине караштуу Маданий өкүлчүлүгү тарабынан Ислам революциясынын жеңишинин 43 жылдыгына карата уюштурулду. Фотокөргөзмөнүн ачылышына Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Саид Харрази, аталган элчиликтин алдындагы Маданий өкүлчүлүктүн жетекчиси Парвиз Гасеми баш болгон дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкерлери, Кыргызстандагы ирандык мекеме, уюмдардын кызматкерлери, ЖОЖдордун окутуучулары менен студенттери жана…

Прочитайте больше

Иранда монархия кантип кулаган: Ислам революциясынын буга чейин жарыяланбаган архивдик сүрөттөрү

Иранда монархия кантип кулаган: Ислам революциясынын буга чейин жарыяланбаган архивдик сүрөттөрү

Иранда быйыл Ислам революциясынын 43 жылдыгы белгиленет. Революцияда шахтын бийлиги кулатылып, монархияга чекит коюлган. Ирандын “Fars News” маалымат агенттиги Ислам революциясынын 43 жылдыгына карата биринчи жолу өлкөнүн түндүк-батышында жайгашкан Зенжан шаарында тартылган революциянын башталышынын сүрөттөрүн жарыялады. Аталган шаар революциянын оор жана маанилүү күндөрүн башынан өткөргөн. Ак-кара кадрлардын автору маркум сүрөтчү Исмаил Пуржам болсо, түстүү сүрөттөрдү Нематулла Саффори тарткан. Мындан 43 жыл мурда, 1979-жылы 1-февралда (12-бахман) Иран Ислам Республикасынын  негиздөөчүсү Имам Хомейни 15 жылдык сүргүндөн кийин мекенине кайтып…

Прочитайте больше
1 2