Дүйнө мусулмандары Орозо айын кандай өткөрүп жатышат? Сүрөт

Азыркы учурда дүйнөдөгү мусулмандар отуз күндүк орозо тутууда. Орозо кармоо ислам дининин беш негизги парзынын бири болуп саналат. Бул айда мусулмандар күн чыккандан күн батканга чейин оозуна наар албайт, суу да ичпейт, жаман иштерден алыс болуп, жакшылыктарды тилек кылып намаздарды калтырбай окуйт. Быйыл Орозо айы 11-мартта башталды.

Дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө Орозо  айы кандай өтүп жактанын сүрөт түрмөгүнөн көрүңүз.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Улуттук Курултайдын катышуучуларына ооз ачар өткөрдү. 

Ирандын Мешхед шаарындагы Имам Реза мавзолейинин аянтындагы ооз ачууга даярдык. 

© AP / Dita Alangkara

Индонезиянын Жакарта шаарындагы “Истиклал” мечитиндеги таравих намазы. 

© AFP 2024

Газа тилкесинин борборундагы Дейр эл-Балах шаарында көчөдө ооз ачарга даярдык көрүп жактан үй-жайсыз калган палестиналык үй-бүлө. 

Таң атканга чейин көчө кыдырып, барабан кагып, саарлыкка (ооз жабуу) элдерди ойготкон Түркиядагы “Рамазан барабанчылары”. 

© AFP 2024 / Ryan Lim

Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарындагы Зайд ейхтин мечитине адамдаржын чогулуп жаткан учуру. 

© AFP 2024 / R. Satish Babu

Индиянын Ченнаи шаарында мечитте намаз окуп жаткан өспүрүм.  

© AP / Yuki Iwamura

Мусулман коомчулугунун өкүлдөрү АКШнын Нью-Йорк шаарындагы Таймс-скверде таравих намазына чогулушту.

© AP / Michael Probst

Германиянын Франкфурт шаарында Ыйык Рамазан айынын урматына кооздолгон жөө адамдар өтүүчү аймак. 

Комментарий жиберүү