Ирандыктар ыйык Рамазан айын кандай өткөрүшөт?

Рамазан айы башталып, дүйнөдөгү миллиондогон мусулмандар мусулмандар отуз күндүк орозо тутууда. Орозо кармоо ислам дининин беш негизги парзынын бири болуп саналат. Бул айда мусулмандар күн чыккандан күн батканга чейин оозуна наар албайт, суу да ичпейт, жаман иштерден алыс болуп, жакшылыктарды тилек кылып намаздарды калтырбай окуйт.

Рамазан айы ар бир өлкөнүн мусулман коомчулугунда калыптанып калган кылымдардан бери келе жаткан салттар боюнча өткөрүлөт. Ар бир улуттун же өлкөнүн бул айды кандай өткөргөнүнүн өзүнүн өзгөчөлүктөрү бар. Биз алдыдагы макалада 87 миллиондон ашуун калкы бар ислам өлкөсү болгон Иранда ыйык Рамазан айы кандай өткөрүлөрүн баяндайбыз.

Иранда ыйык Рамазан айында өзгөчө атмосфера, жакшы маанай өкүм сүрүп, элдин ыйманы, ынтымагы бекемделет. Бул айда берекелүү айды күткөн элдин жүзүнөн кубанычты жана бактылуулукту байкоого болот. Иран көп улуттуу мамлекет болгондуктан өлкөнүн ар кайсы провинциясында Рамазанга байланыштуу өзгөчө жөрөлгөлөр бар.

Мечиттерди жууп-тазалоо

Өлкөдө Рамазан айынын башталышына чейин өзгөчө орунду ээлеген жөрөлгөлөрдүн бири бул “Хане Текани” болуп саналат. “Хане текани” перс тилинен которгондо “хане” – “үй”, “текани” – “силкүү” деген маанини берип, үйдү тазалоо дегенди билдирет. Үйдөн тышкары, мечиттер да Шаабан айынын акыркы күндөрү жууп-тазаланат.

Жергиликтүү тургундар жаш-кары, аял-эркегине карабай тазалоочу шаймандарын өздөрү менен кошо ала келишип, мечиттерди тазалыкка келтирип, килемдерден бери жуушат. Анткени Рамазан айында мечитке келгендердин саны көбөйүп, адамдар ал жерде көбүрөөк убакыт өткөрүшкөндүктөн, мечит мурдагыдан да таза болушу керек.

Ооз ачуу жана бекитүү

Иран ашканасы дүйнөдөгү эң байыркы жана өзүнүн даамы жана ар түрдүүлүгү менен айырмаланган ашканалардын бири. Ыйык Рамазан айында да салттуу ар кандай тамактар жасалат. Ирандыктар ооз ачуу жана ооз бекитүү дасторконуна көбүрөөк пайдалуу тамактарды коюшат. Ал азыктар адамды чаңкатпай, ток жүрүүсүнө жардам берет.

Рамазан жайкы сезондо туш келип калса, ирандыктар эртең мененки тамакта сөзсүз дарбыз жешет, анткени ал организмдеги суу балансын сактоого жардам берет.

Ирандыктар ооз ачууга өзгөчө даярданышат, аны эч ким калтырбайт. Ифтарга мүмкүн болушунча көп конок чакырып, кечки тамакты үй-бүлөсү же жакын достору менен бөлүшүүнү жакшы көрүшөт. Кээ бир ирандыктар оозду сейил бактарда, жаратылышта ачканды жакшы көрүшөт.

Ооз ачуу суу жана курма менен башталып, жергиликтүү тамактар, көбүнчө шорпо тамактар ичилип, андан кийин мөмө-жемиш менен чайга убакыт келет. Албетте, ирандыктардын дасторконун таттуу азыктарсыз элестетүү мүмкүн эмес.

Рамазанда даярдалуучу таттуулар

Таттуулардын түрлөрү өтө эле көп, бирок Рамазан айында гана жасалган таттуулар Зулбия жана Бамия.

Бул шириндиктердин калориясы өтө жогору болгондуктан, орозо кармаган адамдын күчүн тез калыбына келтирет. Курсак ачка учурда, адамдын канындагы канттын деңгээли төмөндөп, адам өзүн алсыз сезе баштайт. Ошондуктан таттуу азыктар күчтү калыбына келтирет.

Бул таттууларды жасоодо крахмал, йогурт жана аз өлчөмдө ун колдонулат. Ар кандай формага келтирилген камыр кайнап жаткан майда бышырылат. Бул тамактын өзгөчөлүгү – жыпар жыттуу азыктар анын ичинде кардамон, роза суусу жана шафран кошула, алар жыты жана кайталангыс даамы менен гана эмес, организмге пайдалуу таасири менен да белгилүү.

Ирандыктар орозодо сүйүп жеген дагы бир шириндик шафран кошулган күрүч пудинги – Шоле Зард.

Ал Иранда өзгөчө Рамазан айында популярдуу десерт болуп саналат. Көбүнчө күрүч, кант, шафран жана роза суусунан жасалып, үстүнө корица жана майдаланган мисте кошулат. Булар Иранда Рамазан айында белгилүү болгон көптөгөн даамдуу таттуулардын жана десерттердин бир нече мисалдары гана.

Өзгөчөлүктөр

Иранда өлкө боюнча орозонун башталышы менен жумуш убактысы кыскарат. Жумуш кеч башталып, эрте аяктайт.

Орозо кармап жаткандарды тамак-аштын даамы жана жыты менен азгырбоо үчүн, күндүзү көбүнчө кафе-ресторандар жабылып, кечки азан айтылгандан кийин, ооз ачарга жакын ачылат.

Бирок ар кандай себептерден улам орозо кармабагандар жана туристтер үчүн бир катар ресторандар ачык болот.

Рамазанда ооз ачарга тамак-аш табууда кыйынчылык жаралбайт, бул айда бекер ооз ачыруулар көп уюштурулат. Ыйык айда кайрымдуулук иштери көбөйүп, эл муктаж болгондорго азык-түлүк жана акчалай жардамдарды беришет. Дагы бир жакшы кайрымдуулук ооз ачарга жакын көчөдө, мечиттерде акысыз тамак-аш жана суусундуктар таратылат.

Ачык асман алдындагы ифтар дасторкондору көбүнчө мечиттерде, сейил бактарда жайылып, ары-бери өткөндөргө тамак берилет. Бул Иранда Рамазан айынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.

Кадыр түн

Орозо айындагы касиеттүү түн деп эсептелген Кадыр түндү ирандыктар башка мусулмандардай эле мечитте болобу, үйдө болобу таң аткыча уктабай намаз, куран окуп, Жараткандан чын жүрөктөн жакшылыктарды тилеп, каалоо-тилектеринин орундалышын сурап, элге тынччылык, береке каалап өткөрүшөт.

Комментарий жиберүү