Бишкекте «Рамазан чатыры» ачылды. Ага Түркиядан келген белгилүү ашпозчу Бурак Оздемир катышты. Сүрөт, видео

Кечээ кечинде Бишкектеги ресторандардын биринде жыл сайын өтүүчү “Рамазан чатыры” кайрымдуулук акциясы башталды. Быйылкы иш-чаранын ачылышы аземине Кыргызстанга биринчи жолу келген түркиялык белгилүү ашпозчу, меценат Бурак Оздемир катышты.

Кайрымдуулук акциясы «Умма» ислам фонду жана журналы тарабынан 9 жылдан бери уюштурулуп келет. Долбоор ишке ашырылган сегиз жылдын ичинде Ош жана Бишкек шаарларында 50 миңден ашык адам конок болушкан.

Ооз ачыруу аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларына, кары-картаңдарга, майыптарга, жетим балдарга жана калктын аялуу катмарына ​​уюштурулат. Коноктордун арасында Палестинанын жана Газа тилкесинин өкүлдөрү да болду. Майрамдык дасторконго жалпысынан 500дөн ашык адам чогулду.

Иш-чарада Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Абдулазиз кары Закиров, КР Маданият министрлигинин орун басары Эсенгул уулу Чыңгыз, Социалдык коргоо жана эмгек министрлигинин өкүлү, Жогорку Кеңештин депутаттары Динара Ашимова, журналисттер жана башка коомдук ишмерлер жылуу жана колдоо сөздөрүн айтышты.

Андан соң Бурак Оздемир жана ресторандын ашпозчулары майрамдык кечки тамак даярдашты. Иш-чаранын уюштуруучулары жана коноктору өз кезегинде түрк ашпозчусуна эстеликке белектерди жана сувенирлерди тартуулашты.

 

1 of 31

-+

Мындан тышкары, “Умма” фонду кайрымдуулук сый тамакка колдоо көрсөткөн демөөрчүлөргө жана өнөктөштөргө ыраазычылык баракчаларын тапшырды. Соңунда бардык балдарга чакан белектер жана таттуулар берилди.

Комментарий жиберүү