“Биздин кылымдагы эң ырайымсыз геноциддердин бири”: Эрдоган ифтарда Газа тууралуу эскерди

Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган Газадагы кырдаал тууралуу айтты – саясатчы бүгүнкү күнү Ыраакы Чыгыштагы болуп жаткан окуяларды геноцид деп атагандыгын “Анадолу” агенттиги билдирди.

Түрк лидери Стамбулда “Эски достордун ифтарында” ушинтип сүйлөдү.  Эрдоган бул Рамазан Газадан улам караңгы жана кайгылуу болуп саналарын айтты.

“Биздин кылымдагы өтө ырайымсыз геноциддердин бири Газада болууда, ал жакта биздин дээрлик 40 миң боордоштурубуз, негизинен балдар жана аялдар өлтүрүлдү, 73 миң палестиналыктар жарадар болду жана 7 миңден ашык күнөөсү жок адамдар дагы эле урандылар астында жатат.

Израилди калп эле сындаган, бирок анын массалык адам өлтүрүүсү үчүн курал-жарак жана ок-дарылар менен колдогон  Батыш өлкөлөрүнүн эки жүздүүлүгү  Газаны дүйнө жүзүндөгү эң чоң балдар жана аялдардын мүрзөсүнө айландырды”, – деди Түркиянын президенти.

Анын сөзүндө, эл аралык институттар жана уюмдар бул жолу да Газада жеңилүүгө учурап, мындан тышкары ислам дүйнөсү да өз ишин аткара алган жок .

“Биз канчалык өзүбүздү сындоо менен алектенсек, палестиналык элге жана бүтүндөй ислам уммасына ошончолук жакшы болот. Түркия чындыкты айтууда жана акыйкаттын добушун жар салуудан эгер бул кадам канчалык оор болбосун тартынбайт. Биздин өлкөнүн мындан ары чыңдалышы үчүн күрөшүп, биз ошондой эле ислам дүйнөсүндөгү биримдик аң-сезиминин тамыр жайышын активдештиребиз”, – деп кошумчалады Эрдоган.

Комментарий жиберүү