Муфтий Ирандын элчиси менен жолугушту. Эмне сөз болду

Кыргызстан мусулмандарынын Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы толук жана ыйгарымдуу элчиси Голям Хоссейн Ядегари менен жолугушту.

Бул тууралуу Муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.

Жолугушууда тараптар бири-бирин ыйык Рамазан айы менен куттуктап, кыргыз-иран кызматташтыгын чыңдоо, маданий алакаларды бекемдөө боюнча пикир алышты.

Абдулазиз кары Закиров атайын убакыт бөлүп, зыярат кылган ирандык делегацияга ыраазычылык билдирип, иштерине ийгилик каалады.

Айта кетсек, жолугушууга Иран элчисинин орун басары Мостафа Кебритчи, Маданият өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Абузар Тогани, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Асан ажы Сыргабаев, КМДБнын аппарат жетекчиси Азамат ажы Исмаилов, КМДБнын маалымат бөлүмүнүн башчысы Максат Атабаев, Азирети Муфтийдин кеңешчиси Белек Жапаракунов катышты.

Эске салсак, Абдулазиз кары Закиров 10-февралда Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи болуп бекитилген. Ал өз каалоосу менен кызматынан кеткен буга чейинки муфтий Замир Ракиевдин ордуна келген.

Комментарий жиберүү