Путин Иран элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Россиянын президенти Владимир Путин Иран элин келе жаткан Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Путин Ирандын президенти Имбрахим Раиси менен телефондо сүйлөшүп, Ирандын жогорку лидери Али Хаменеинин дарегине жакшы каалоо-тилектерди жолдоду.

«Владимир Путин Ирандын жогорку лидери Сейед Али Хаменеинин дарегине жакшы каалоо-тилектерин жолдоп, бүткүл Иран элин мусулмандардын ыйык Рамазан айы жана жазгы Нооруз майрамынын башталышы менен куттуктады», — деп айтылат маалыматта.

Раиси Россиянын президенти кызматына кайрадан шайланышы менен чын жүрөктөн куттуктап, орус-иран достук мамилелери мындан ары да эки өлкөнүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн динамикалуу өнүгө берерине ишеним билдирди.

Эске сала кетсек, Россияда өткөн аптада өткөн президенттик шайлоодр Путин 87,33% добуш менен жеңишке жетишкен.

Ошондой эле эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу темалары, анын ичинде соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү жана биргелешкен ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу талкууланды.

Эл аралык күн тартибин кароодо алар, атап айтканда, Палестина-Израиль жаңжал аймагындагы кризистик кырдаалга токтолушту. Эки тарап тең карапайым тургундардын арасында курмандыктардын саны өсүп жатканына жана Газа тилкесиндеги гуманитардык кырдаалдын катастрофалык начарлашына олуттуу тынчсыздануусун билдиришти.

Андан тышкары, Россия менен Ирандын көп тараптуу платформаларда, анын ичинде Шанхай Кызматташтык Уюмунун жана Иран толук кандуу мүчө катары кошулган БРИКСтин алкагында мындан аркы аракеттерди координациялоо макулдашылды. 

Эске салсак, эки өлкөнүн президенттери акыркы жолу былтыр декабрда Москвада жолугушкан. Анда Раиси расмий сапар менен барган.

Комментарий жиберүү