Казакстандын бейпилдик күчтөрү Голан дөңсөөсүнө жетти

Казакстандын аскер кызматкерлери Голан дөңсөөсүнө жетти. Бул тууралуу 16-мартта коңшу өлкөнүн Коргоо министрлиги кабарлады.

Алар Дамаскка учак менен барышып, ал жактан Фауар бейпилдик базасына автоунаа менен жетишкен. Ведомство кабарлагандай, тапшырманы аткаруу үчүн ал жакка керектүү аскердик техника жөнөтүлдү.

Казак отрядынын курамында 139 аскер кызматкери бар. Бөлүм брондолгон унаалар, КамАЗ, микроавтобус жана жол тандабастар менен жабдылган.

Буга чейин казак бийлиги 430 чакты жоокер Голан дөңсөөлөрүндөгү жана Түштүк Судандагы байкоочу миссияларына катыша турганын билдирген. Быйыл январда парламенттин эки палатасы биргелешкен жыйында президент Касым-Жомарт Токаевдин тиешелүү сунушун колдогон. Президент бейпилдик күчтөрүн жөнөтүү геосаясий чыңалуулар курчуп, аймактык жана улутттук коопсуздукка коркунуч жаралып жаткан маалга туш келгенин белгилеген.

Казакстан – эл аралык миссияларга аскер күчтөрүн жиберген Борбор Азиядагы жалгыз мамлекет.

Израил жана Сириянын ортосунда жайгашкан Голан дөңсөөлөрү 1967-жылкы алты күндүк согуштан кийин Израилдин көзөмөлүнө өткөн. 1981-жылы Израилдин парламенти аны өз өлкөсүнүн жери катары жарыялаган мыйзам кабыл алган. Бирок БУУнун Коопсуздук кеңеши бул чечимди тааныган эмес. Голан дөңсөөлөрүнүн аннексиясын мыйзамсыз деп таап, аймакты Сирияга кайтарып берүүгө чакырып келет. Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү ал жерди Израилдики деп эсептебейт.

https://youtube.com/watch?v=6R30ZreHnuw%3Fsi%3Dk0acz3Bmgh8g2efO

Комментарий жиберүү