Афганистандын бийлиги Борбор Азия өлкөлөрүнө кол салбай тургандыгын билдирди

«Талибан» Борбор Азия өлкөлөрүнө кол салбай тургандыгын билдирди. Бирок аймактын расмий өкүлдөрү Афганистандан коркунуч болуп жаткандыгын жарыялап келишет. 

«Талибандын» расмий өкүлү  Забихулла Муджахид өлкө толугу менен кыймылдын көзөмөлү астында экендигин жана кошуналарга кол салбай тургандыгын билдирди. Ошондой эле ал башка мамлекеттердин өкүлдөрүн тынчсызданбоого чакырды.  Ушундай эле билдирүү жарым жыл мурда, 2023-жылы августта да жасалган. Анда талибдер Афганистандын аймагынан Борбор Азия өлкөлөрүнө эч кандай коркунуч болбостугун тастыкташкан.

«Дари» радиосу өз  эфиринде билдирүү жасаган  Забихулла Муджахиддин сөзүн тажик-афган чек арасын чыңдоо боюнча пландарды талкуулоо менен байланыштырган. Бул Москвада 27-март – 1-март күндөрү Душанбе сунуштаган ЖККУнун министрлер деңгээлиндеги эл аралык долбоор болуп саналат.  Тажикстан бул демилге 2024-жылы бекитилет деп үмүттөнөт. ЖККУнун Туруктуу кеңеши сунушту азырынча карап көрүүдө.

Тажик бийлиги Афганистан менен болгон чек араны чыңдоону 2022-жылдан бери сунуш кылып келет. Анда  Эмомали Рахмон өлкөнүн тегерегинде коопсуздук курун түзүү керектигин билдирген.

Расмий Кабул бул демилгеге сактануу менен мамиле жасоодо. Ал Душанбенин сунушуна каршы эместигин белгилеп, бирок Афганистандын кошуналары үчүн эч кандай чек ара коркунучу жоктугун баса белгилөөдө.

Тажикстан жана ЖККУнун мүчөлөрү Кабулдун билдирүүсүнө анча ишене беришпейт:

Россия ФККнын (ФСБ) маалыматы боюнча, 2021-жылы Афганистандан Борбор Азияга маңзат ташуунун көлөмү эки эсе көбөйгөн. Ал эми Тажикстанда колго түшкөн мыйзамсыз жүгүртүүдөгү маңзаттын  көлөмү үч жыл катары менен көбөйүүдө.

2024-жылы февралда ЖККУ Тажикстандын түштүк чек араларында ИМ (Ислам мамлекети) жоочуларынын саны көбөйүп, 4 миң адамга жеткендигин жарыялаган.

7-мартта РФнын ФКК ИМнин афган филиалы –  «Вилаят Хорасан» тобунун жоочулары жок кылынгандыгын маалымдаган. Террорчулар Казакстандын жарандары болушкан жана Москвадагы мечиттердин бирине чабуул жасоону пландаштырышкан.

Комментарий жиберүү