Э. Байсалов эл аралык коомчулукту жана АКШны Израилдин Газадагы кыргынын токтотууга

Израилдин кыргынынан Газада 13 миң бала, БУУнун 165 кызматкери жана 95 журналист набыт болду. Алардын көбү атайылап өлтүрүлгөн.

Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгына арналган фотокөргөзмөнүн ачылышында сүйлөгөн сөзүндө айтты.

Ал алгач ардагерлерди жана дипломатиялык кызматкерлерди мааракелери менен куттуктап, бул жылдар аралыгында кыргыз дипломатиясынын башатында өлкөбүздүн көрүнүктүү дипломаттары, патриоттору, мамлекеттик жана илимпоздору иштегенин белгиледи.

“Бүгүн биз эл аралык кырдаалдын динамикалуу өнүгүшүнө күбө болуп жатабыз. Кыргыз Республикасы эгемендүү, көз карандысыз өлкө катары дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттери менен эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнү жана чыңдоону улантууда, эл аралык жана аймактык уюмдарда көп тараптуу дипломатияга катышууда. Геосаясий окуяларга жана дүйнөлүк тартиптин реформаланышына карабастан, биз улуттук кызыкчылыктарыбызды алдыга жылдыруу жана коргоо үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, көз карандысыз, көп тармактуу жана ырааттуу тышкы саясатты карманууну улантабыз”, – деди МинКаб Төрагасынын орун басары.

Аудиоплеер

00:00
00:00

Үнүн жогорулатуу же азайтуу үчүн өйдө/төмөн баскычтарын колдонуңуз.
Эдил Байсалов ошондой эле Газадагы гуманитардык абал тууралуу билдирүү жасады.

“Айымдар жана мырзалар,

Алты айдан бери күн сайын дүйнө Газа калкынын методикалык түрдө жок кылынышына күбө болууда.

ТЕМА БОЮНЧА:
Израилдин Рафахтагы операциясы Тель-Авивдин Египет жана АКШ менен мамилесин начарлатабы? Эксперттин пикири
Израилдин Рафахтагы операциясы Тель-Авивдин Египет жана АКШ менен мамилесин начарлатабы? Эксперттин пикири
14.02.2024
Буга чейин 13 миң бала курман болгон. БУУнун 165 кызматкери жана 95 журналист набыт болду. Алардын көбү атайылап өлтүрүлгөн. Мунун баары документтештирилди!

Биз 2024-жылы болгон мындай геноцидди түз берүүлөрдөн көрүп жатабыз.

Эки миллион палестиналык ачарчылыктан жапа чегип, дүйнө эч нерсе кыла албай жатканын түз эфирден көрүп жатабыз.

Кыргызстан терроризмди айыптайт. Октябрда биз Израилдин жарандарына кол салууну айыптаганбыз. Биз Израил элинин өзүн коргоо укугун тааныйбыз, бирок жөөт өкмөтү өзүн эл аралык укуктан жана Бириккен Улуттар Уюмунан жогору коюуга укугу жок.

Кыргызстан эл аралык коомчулукту жана биринчи кезекте Израилдин башкы демөөрчүсү Америка Кошмо Штаттарын бул акылсыздыкты жана геноцидди токтотууга чакырат”.

Комментарий жиберүү