С. Жапаров В. Путинди Россиянын Президенти болуп кайрадан шайланышы менен куттуктады

Бүгүн, 18-мартта, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Садыр Жапаров Владимир Путинди болуп өткөн президенттик шайлоодогу ишенимдүү жеңиши менен куттуктап, бул Россия элинин мамлекеттик эгемендүүлүктү бекемдөө, калктын бакубаттуулугун жогорулатуу, Россия мамлекетинин өз алдынча, көз карандысыз жана ачык тышкы саясатын жүргүзүү боюнча даанышман саясатты жана жан аябас эмгекти жогору таануусунун жана колдоосунун ачык далили экенин белгиледи.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин мындан ары да чыңдоо боюнча биргелешкен аракеттер приоритеттүү чөйрөлөрдө мамлекеттер аралык өз ара аракеттенүүнүн бүткүл комплексин өнүктүрүүгө өбөлгө түзөөрүнө ишенет.

Өз кезегинде Россиянын Президенти Владимир Путин Президент Садыр Жапаровго куттуктоолору үчүн ыраазычылык билдирди.

Өлкө лидерлери кыргыз-россиялык эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, интеграциялык бирикмелердин алкагындагы өлкөлөрдүн өз ара аракеттенүүсүн, ошондой эле үстүбүздөгү жылдын май айында Москвада өтө турган Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин мааракелик жыйынын талкуулашты, ага Президент Садыр Жапаров катышат.

Белгилей кетүүчү жагдай, Владимир Путин 17-мартта аяктаган президенттик шайлоодо добуштардын 87,3% алды. Баштапкы маалыматтарга караганда, добуштардын 99,7% саналып бүттү. Бул Путиндин 2030-жылга чейин созулуучу бешинчи президенттик мөөнөтү.

Шайлоого төрт талапкер катышты. КПРФ партиясынан Николай Харитонов 4,3% добушка ээ болгон. Ал эми Владислав Даванков – 3,8%, Леонид Слуцкий – 3,2% алды. 1,4% бюллетендер жараксыз деп табылган.

Комментарий жиберүү