Жаздын жана жаңылануунун символу. Ирандыктар Нооруз майрамын кандай белгилешет?

Нооруз – Иран жана түрк элдеринин улуттук майрамы, адамзат тарыхындагы эң байыркы майрамдардын бири. “Нооруз” сөзү перс тилинен которгондо «нав» – жаңы жана «руз» – күн деген эки түшүнүктөн туруп, «жаңы күн» дегенди билдирип, күн календары боюнча жаңы жылдын башталышын билдирет.

Ал күн менен түн теңелген маалда, иран календары боюнча фарвардин айынын биринчи күнү (21-мартта) белгиленет.

Нооруз түрдүү элдерде ар кандай – Новруз, Навруз, Нуруз, Невруз, Наурыз, Нооруз ж.б. деп аталат.

2010-жылдын февраль айынын аягында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 64-сессиясында 21-март «Эл аралык Нооруз күнү» деп жарыяланса, 2016-жылы бул майрам ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурастарды коргоо жана каттоо тизмесине киргизилген.

Ирандагы жаңы жыл майрамы өзүнчө кызыктуу. Жылдын маанилүү майрамы болгон Нооруз майрамына даярдыктар бул өлкөдө алдын ала көрүлүп, майрам алды бир катар жөрөлгөлөр жасалат.

Ноорузга даярдык

Нооруз алдында ирандыктар үйлөрүн тазалап жаңы жылга даярдык көрө башташат, бул салт аларда “хане текани” деп аталат.

“Хане текани” перс тилинен которгондо “хане” – “үй”, “текани” – “силкүү” деген маанини билдирет.

Салт боюнча бардык үй-бүлө мүчөлөрү үйдүн ичин толугу менен тазалап чыгышат: килем, парда, терезе жана эмеректердин бардыгын жуушат. Ошондой эле короо-жай, айлана чөйрөнүн баарын тазалап, кирлерден бери жуушат.

Үйлөр жыйналгандан кийин бөлмөлөрдүн баарын гиацинт же нарцисс сыяктуу жыпар жыттуу гүлдөр менен толтурушуп, жыпар жыттуу чайыр түтөтүшөт.

Соода кызыган базар

Иранда Нооруз алды базарларда соода кызып, эл азык-түлүк гана эмес, жаңы кийим-кечектерди дагы сатып алышат. Ноорузда жаңы нерселер бакыт жана ийгилик алып келет деп айтылат.

Базардан майрамда жайылчу дасторкондун көркүн ачкан идиштердин, татуулардын көптөгөн түрүн, майрамдык жасалгаларды тапса болот. Ошондой эле дасторкондогу дагы бир милдеттүү атрибуту болгон “алтын балыкты” жана өнгөн буудайды да сатып алууга болот. Өнгөн буудай жаңырган жашоонун белгиси катары жаңы жылдык дасторкондун ажарын ачат.

От майрамы

Ирандагы аяктап жаткан эски жылдын акыркы шаршемби күнү белгиленүүчү байыркы майрам «Чахаршанбе Сури» деп аталат. Анын өзгөчө тарыхы жана үрп-адаттары бар. Бул майрамдын эң маанилүү элементи от болуп саналат.

Бул күн өзгөчө жөрөлгөлөр менен өткөрүлөт. Айрым окумуштуулар “Сур” сөзүн “майрам” деп чечмелешсе, башкалары “Сурик” деген сөз пехлеви сөзүнөн “кызыл” дегенди билдирет дешет. Бул майрам Ирандын бардык аймактарында жана ошол эле аймактын өзгөчө каада-салттары менен ар бир аймакта ар башкача өткөрүлөт. Ирандын салттуу майрамдарынын бири болуп саналган бул майрам шейшембиден шаршембиге караган түнү Нооруз майрамынын алдында белгиленет. Салт боюнча, майрам кечинде башталып, от жагылып, фейерверк атылат.

Үрп-адаттары жана салттары: 

Бул майрамдын башка майрамдардан өзгөчөлөнүп туруучу үрп-адаттары жана салттары бар. Шаршемби күнү кечинде, кичүүлөр улуулардын үйүнө конокко барып, шаршемби күндү чогуу өткөрүшөт. Ирандыктар бул күнгө бир, эки күн калганда от жагуу үчүн отун чогулта башташат. Күн баткандан кийин элдер көчөлөргө чыгып от жагып, отту тегеректеп, андан секирип: “Сорхи-е то аз ман, зарди-е ман аз то” (“Сенин кызыл отуң меники, менин дартым сеники”) деп ыр айтышат.

Бул от менен тазалануу ырым-жырымы. Анын мааниси отко кубарууну, ооруну жана көйгөйлөрдү берип, өз кезегинде оттон кызаруу, жылуулук жана энергия алуу дегенди билдирет. Жагылган от күн баткандан таң аткыча күйөт. Бул майрамда диний чектөөлөр жок – аны перстер, перс еврейлер, мусулмандар, азербайжандар, күрддөр жана зороастрлар майрамдашат.

Салт боюнча бул күнү аджил (жаңгак жана кургатылган жемиштердин аралашмасы) даярдашат. Бул майрамдын дагы бир каадасы – кашык. Бул салтанатта ар кандай курактагы адамдар шаар тургундарынын үйүнө барып, колундагы темир идиштеринин артына кашык менен уруп, үй ээсинен ар кандай тамактарды, анын ичинде таттууларды сурашат.

Ирандык Аяз Ата

Нооруздун эң белгилүү символдорунун бири Хажи Фируз. Кызыл кийим кийип, бетин карага боегон Хажи Фируз көчө кыдырып Нооруз ырларын ырдап, шалдырак ойнотуп, бийлеп жаздын жана Нооруздун келишин элге жар салат.

Бул каармандын келип чыгышынын тарыхы боюнча азырынча бирдиктүү пикир жок, ал жөнүндө биринчи сөз биздин заманга чейинки 2 кылымга таандык экендиги белгилүү. Бир версия боюнча, Хажи Фируз зороастризмдин от абадатканасынын кароолчусу болгон жана ыйык оттон чыккан тынымсыз түтүндөн улам анын жүзү карарып калган. Ал эми анын кызыл кийими күйүп жаткан жалындын түсүн берет. Ал эми айрымдар үчүн Хажи Фируз өзүнүн жаркыраган кызыл кийими жана ысымы менен – жөн гана бакыттын жана гүлдөп-өнүгүүнүн символу болуп саналат.

Перс тилинен “фируз” – “жеңүүчү” деп которулат. Жыл сайын ирандыктар Хажи Фируздун шаардын көчөлөрүндө пайда болушун күтүшөт, акыры алар элге сүйүктүү майрам – Нооруздун жакындап калганы жөнүндө кабардар кылат.

Мүрзөгө зыярат кылуу

Ирандыктар эски жылдын акыркы бейшембисинде бул дүйнөдөн көзү өткөн жакындарынын мүрзөсүнө гүл дестелерди, таттууларды, өндүрүлгөн буудай же чакан “хафт синдин” (Ноорузда салттуу майрамдык үстөл жасалып, анда жаратылыштын ойгонушун жана жашоонун уланышын билдирген 7 түрлүү ﺱ — “Син” тамгасы менен башталган даамдар) бир түрү менен барышат. Ал жерде көзү өткөндөргө багыштап Куран окуп, Жараткан Алладан маркумдар үчүн кечирим сурашат.

Майрамдык дастаркон

Иранда Нооруз майрамынын эң маанилүү жана милдеттүү атрибуту болуп Хафт-син дастаркону эсептелинет. Майрамдык үстөлгө жаратылыштын ойгонушун жана жашоонун уланышын билдирген 7 түрлүү ﺱ — “Син” тамгасы менен башталган даамдар коюлат.

Атай кетсек :

  • Сабзе – жашылча – өмүрдүн белгиси;
  • Саману – сүмөлөк – молчулуктун, токчулуктун, кененчиликтин символу;
  • Сиб – алма – ден соолуктун символу;
  • Сенжед – жийде – сүйүүнүн белгиси, көптөгөн дарттардын дабаасы;
  • Сир – сарымсак – табияттын жана элдик медицинанын символу, үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугун коргойт;
  • Серке – уксус – карылыктын жана акылмандыктын символу, ирандыктардын жашоосунда абдан зарыл болгон сабырдуулукту тартуулайт, ошондой эле тазалыктын символу;
  • Секке – тыйын – байлыктын символу катары коюлат.

Мындан тышкары, Хафт-Син дасторконуна акча, Ыйык Куран китеби жана күзгү, нан., туз, таттуулар, шам, тирүү кызыл балык, боёлгон жумуртка жана гүл коюлат. Ошондой эле балык кошулган жашылча палоо Нооруз майрамынын популярдуу тамагы болуп саналат. Ал адатта Нооруздун биринчи күнү түшкү же кечки тамак катары желет. Балык – жашоонун символу, жашылча – жаздын жана өсүүнүн, күрүч – берекенин символу.

Нооруздун 13-күнү «Табият күнү»

Ирандыктар Нооруздун 13-күнү үйдө калбоого аракет кылышат. Бул күнү жаратылышка ырахат алууга чыккандарды жыл бою бакыт жана бакубатчылык коштойт деген жорук бар. Ал күн иран календарында расмий түрдө «Табият күнү» катары белгиленет жана расмий түрдө эс алуу күн.

Бул күн «Сиздах бедар» деп аталып, Ноорузга байланыштуу эң байыркы жана белгилүү үрп-адаттардын бири болуп саналат. Бул күн иран календары боюнча фарвардин айынын 13-күнү (2-апрель) белгиленип, ирандыктар бул күндү табиятка чыгып, мөмө-жемиш, жеңил тамак жана таттууларды алып, үй-бүлөлөрү менен кубанычтуу күн өткөрүшөт.

Бул күнү ирандыктар Ноорузга карай жашылдантып өстүргөн өндүрүлгөн буудайды өздөрү менен кошо ала чыгышып, аны сууга кое беришет. Кээ бирөөлөр өндүрүлгөн данды сууга кое берүү менен эски жылдагы жаман эскерүүлөр жуулуп, унутулат деп ойлошсо, айрымдары бул иш-аракет менен “жаздын жашылы” дарыя аркылуу жерге өтүп, жаратылышка сергектик кайтып келет деп эсептешет.

Перс окумуштуусу Абу Рейхан аль-Бирунинин “Аль-Бакия” китебинде Нооруздун он үчүнчү күнү абдан берекелүү жана жакшы күн катары айтылат. Бируни бул китебинде Нооруздун он үчүнчү күнү абдан жакшы күн экенин жана байыркы ирандыктар жылдын он эки айын туюнткан 12 күндүк майрам жана кубанычтан кийин, жакшы күн деп эсептелген Нооруздун он үчүнчү күнү бакчаларга, чөлдөргө чыгышып, жаан-чачын болсун деп тиленишкен. Ошентип Нооруз майрамын расмий түрдө соңуна чыгарышкан.

Бул күндүн эң маанилүү каада-салттарынын бири – жаңы чыгып аткан чөптүн башын байлоо. Бул жөрөлгө каалоолор орундалып, жаштардын бактысын ачуу дегенди билдирет. Дагы бир каада-салт – «Аш» тамагы жасалып, салат жалбырагын, бал жана уксустан жасалган ирандыктардын эң байыркы суусундуктарынын бири Секанжабин суусундугун жана жаңгактын түрүн жешет.

Мындан тышкары, ирандыктар бул күнгө арналган атайын салттуу оюндарды ойношот. Албетте, топ оюндарынын түрлөрү (волейбол, футбол ж.б.) да ойнолот.

Комментарий жиберүү