Бүгүн Исламофобияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү. Ирандын Пакистандагы элчилигинин билдирүүсү

Иран Ислам Республикасынын Пакистандагы элчилиги Исламофобияга каршы эл аралык күнүнө карата билдирүү жасап, бардык өлкөлөрдү, өзгөчө ислам өлкөлөрүн улуттук жана эл аралык мыйзам жана эрежелердин алкагында исламофобия, диний зомбулук жана терроризмге каршы күрөшүүгө чакырды.

15-март – Исламофобияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү. БУУнун эскерүү датасы Пакистан жана Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) демилгеси менен 2022-жылдын март айында уюмдун Башкы ассамблеясынын резолюциясы менен белгиленген. Резолюцияны ИКУнун 60 мүчөсү колдогон. Быйыл Исламофобияга каршы эл аралык күн экинчи жолу белгиленет.

Иран элчилиги ушул күнгө карата билдирүүсүндө диний зордук-зомбулуктун, экстремизмдин жана исламофобиянын бардык түрлөрүн айыптап, исламофобия көрүнүшү менен күрөшүү үчүн өзгөчө ислам өлкөлөрүндө улуттук, аймактык жана эл аралык деңгээлде координацияланган чараларды көрүү зарылчылыгын баса белгиледи.

“Тилекке каршы, «Сөз эркиндиги» деген шылтоо менен Куранды өрттөп, Ислам пайгамбарын кемсинтип,  бир жарым миллиард адамдын диний баалуулуктарын, ишенимин жана ыйык нерселерди ачыктан-ачык мазактоо сыяктуу сионисттик жана колониялык чагымчыл аракеттер кадыресе көрүнүшкө айланды. Бул кооптуу көрүнүш чыңалуунун, жек көрүүчүлүктүн, исламофобиянын жана мусулмандарга каршы зордук-зомбулуктун күчөшүнө себеп болуп, эл аралык тынчтыкка жана коопсуздукка жана адам укуктарына, элдердин менен диндерди кармангандардын ортосундагы тынчтык мамилелерге жана тынчтыкта ​​жанаша жашоого коркунуч туудурат”, – деп айтылат билдирүүдө.

Билдирүүдө кээ бир батыш өлкөлөрүнүн терроризмди колдоосу ошондой эле айрым террордук  жана экстремисттик топтордун ислам атын жамынган аракеттери Исламдын беделине доо кетирип, дүйнөдө исламофобия толкунунун күчөшүнө себеп болгону белгиленет.

Мындан тышкары, Батыштын пропаганда машинасы тарабынан зордук-зомбулук жана террордук актыларды бир жактуу чагылдыруусу исламофобия жана антиисламизмдин пайда болушуна шарт түзгөнү, ошол эле учурда алар сионисттик режимдин кылмыштарына жана Газа тилкесиндеги геноцидге  көз жумуп унчукпай турушканы айтылат. 

“Иран элчилиги өзгөчө диндин атын жамынган зордук-зомбулук, экстремисттик жана террористтик актылардын уланып жаткандыгына тынчсыздануусун билдирип, сөз эркиндигин шылтоолоп, диний ыйыктарды кемсинтүүнү жана диндерди туткандардын сезимдерин козгоону айыптайт жана эл аралык коомчулукту мусулмандардын диний ыйыктарын кемсинтүүгө жана сыйлабастыкка, диндердин ыйык китептерине жана мусулмандардын диний жайларына, анын ичинде Аль-Акса мечитине кол салууга кайдыгер карабоого чакырат”, – деп айтылат билдирүүдө.

Комментарий жиберүү