Өзбекстан менен Иран студенттерди алмашып окутат

Өзбекстан менен Ирандын алдыңкы университеттери студенттерди алмашуу программаларын иштеп чыгууну жана ишке ашырууну көздөп жатат.

Бул боюнча маселени Өзбекстандын Олий Мажлис Сенатынын Төрайымы Танзила Нарбаева менен Иран Ислам Республикасынын Аялдар жана үй-бүлө иштери боюнча вице-президенти Энсия Хазали Нью-Йорктогу жолугушууда талкуулашканын Өзбекстандын Жогорку палатасынын басма сөз кызматы маалымдады.

Белгилей кетсек, БУУнун Нью-Йорктогу штаб-квартирасында Аялдардын абалы боюнча комиссиянын 68-жыйыны өтүп жатат. Жыйын 12-марттан 22-мартка чейин созулат. Бул БУУнун гендердик теңчилик жана аялдардын укуктарын кеңейтүү боюнча жыл сайын өтүүчү эң ири жыйын болуп саналат.

Маалыматта Өзбекстан менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы мамилелер, өзгөчө соода-экономикалык жана саясий диалог ырааттуу өнүгүп жатканы белгилүү экенин айтылат.

Жолугушуунун жүрүшүндө ошондой эле эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана эл аралык түзүмдөрдүн алкагында өнөктөштүктү кеңейтүү маселелери да талкууланган.

Белгиленгендей, жогорку деңгээлдеги, ошондой эле эки мамлекеттин өкмөттөрүнүн жана парламенттеринин ортосундагы активдүү өз ара аракеттенүү Өзбекстан менен Ирандын аялдарынын кызматташуусу үчүн маанилүү платформаны түзөт.

Биргелешкен аракеттер менен аялдар уюмдарынын ортосунда байланыштарды орнотуу, алардын социалдык-экономикалык, саясий-укуктук, маданий-агартуу тармактарына катышуусун арттыруу, коомдогу социалдык абалын чыңдоо пландаштырылууда. Буга жетишүү үчүн бир катар биргелешкен долбоорлор ишке ашырылууда.

“Атап айтканда, үй-бүлөнүн жана аялдардын көйгөйлөрүн изилдөө боюнча илимий мекемелердин кызматташуусу жөнүндө, ошондой эле Өзбекстан менен Ирандын алдыңкы жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн алмашуу программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча макулдашууга жетишилди”, — деп айтылат маалыматта.

Комментарий жиберүү