Иран президенти дүйнөдөгү таасирдүү аялдарды кабыл алды. Алардын катарында Айгүл Жапарова да бар

 Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова Ирандын президенти Ибрахим Раисинин Тегеран шаарында өтүп жаткан илим жана маданияттагы таасирдүү аялдардын Биринчи эл аралык Конгрессинин катышуучулары менен жолугушуусуна катышты.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууга Армениянын премьер-министринин, Сербиянын, Ирактын, Буркина-Фасонун президенттеринин жубайлары, ошондой эле Европа, Азия, Африка жана Латын Америкасынын 40тан ашык өлкөлөрүнүн жогорку деңгээлдеги делегациялары, анын ичинде Азербайжандын, Казакстан, Россия, Түркмөнстан, Өзбекстан, Пакистан, Индонезия, Малайзия, Сальвадор, Кытай, Япония ж.б. өкүлдөрү да катышты.

Ирандын президенти Ибрахим Раиси өз сөзүндө дүйнөнүн булуң-бурчунан таасирдүү аялдардын башын бириктире турган алдыдагы Конгресс бул өлкөлөр менен элдеринин ортосундагы кызматташтыкты бекемдей турганын белгиледи.

Ал аялдардын коомдун турмушундагы жана мамлекеттин өнүгүүсүндөгү алдыңкы ролун белгилеп, алардын көбү илим, маданият, билим берүү жана башка тармактарда ачылыштарды жасап жатканын баса белгиледи.

Өз кезегинде биринчи айым Айгүл Жапарова Кыргызстандын делегациясынын атынан жана өлкөнүн президенти Садыр Жапаровдун атынан Иран тарапка чакыруусу, Тегеран шаарындагы жылуу кабыл алуусу жана меймандостугу үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди.

Ал Кыргызстан менен Ирандын жаңы форматтагы өз ара аракеттенүүсү ийгиликтүү жана перспективдүү өнүгөт деген ишенимин билдирди.

Ошону менен бирге жолугушуунун катышуучулары Иран президентинин жубайынын аялдарды бир иш-чарага чогултуп, кызматташуунун жаңы жолдорун аныктоо маселелерин талкуулоо демилгесинин практикалык маанисин белгилешти.

Алар Биринчи Эл аралык Конгресс азыркыга жана келечекке өзүнүн көз карашы бар жигердүү, чыгармачыл аялдар үчүн туруктуу аянтча болуп калат деген ишенимин билдиришти.

Белгилей кетсек, Айгүл Жапарова Тегеранга болгон сапарынын алкагында кечээ, 19-январда Иран президентинин жубайы Жамиле Аламолхода менен жолугушкан.

Комментарий жиберүү