АКШ ИМ тероррдук уюмуна тымызын демөөрчүлүк кылабы?

АКШ азыркы ооган бийлигинин каршылаштары менен байланыш түзүүгө аракет кылып, «Ислам мамлекети» (ИМ) тероррдук уюмуна тымызын демөөрчүлүк кылууда.

Бул туурасында Москвада маалыматтар бар экенин Россиянын Ооганстан боюнча атайын өкүлү Замир Кабулов билдиргенин РИА Новости жазды.

«Ооба, мындай маалыматтар бар, алар муну пайда алыш үчүн эмес, зыян тийгизүү үчүн жасашат, анткени алар чындап эле Ооганстандагы аскердик-саясий жеңилүүсү үчүн өч алууну каалашат. Бул үчүн алар аталган аймакта тынчтык орнобошу үчүн колунан келгендин баарын жасашат. Бирок андан да жаманы, англо-саксондор Ооганстандагы куралдуу оппозиция менен байланыштан тышкары, учурда бир гана Борбор Азиядагы эмес, Ооганстанга жакын жайгашкан өлкөлөрдүн ошол эле учурда Россиянын коопсуздугун бузгусу келген ИМчилерди жашыруун каржылап келет», – деди ал «Россия 24» телеканалынын эфиринде.

Ошентип, Кабулов азыр АКШ Ооганстандагы бийликке аскердик каршылык көрсөтүүнү уюштурган күчтөр менен байланыш түзүп жатканын көрсөткөн далилдер барбы деген суроого жооп берди.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын августунда Россия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев АКШ өзүнүн геосаясий максаттарына жетүү үчүн ИМ жана Аль-Каида террордук уюмдарын түзгөнүн айткан. Анын айтымында, америкалык тарап терроризмге каршы сөз жүзүндө гана күрөшүп жатат.

Америкалык аскерлер 2001-жылдан бери Ооганстанда болуп, 2021-жылдын апрель айында АКШ президенти Жо Байден америкалык аскерлер Ооганстандан чыгарыларын расмий жарыялаган.  

Мунун артында талибдер чабуулун күчөтүп, 2021-жылдын августунда Ооганстандын бүт аймагын көзөмөлгө алганын жарыялаган.

Комментарий жиберүү