Дүйнө жүзүндөгү Айт намазы. Сүрөттөр

Отуз күнгө созулган орозодон кийин дүйнөнүн булуң бурчундагы мусулмандар Орозо айтты белгилешти. Миллиондогон мусулмандар аянттарда жана мечиттерде Айт намазын окушту.

Быйыл Кыргызстанда Айт намазы борбордук аянттарда эмес, мечиттерде окулду. Муфтият мындай чечим дүйнөдө болуп жаткан кырдаал менен байланыштуу экендигин билдирген.

Дүйнө жүзүндөгү мусулмандардын айт намазын «Eurasia Today» даярдаган сүрөт түрмөгүнөн көрүңүз.

Бишкек шаарындагы Имам Сарахси атындагы борбордук мечитте айт намазга чогулган эл. Айт намазга президент Садыр Жапаров жана жогорку бийлик өкүлдөрү катышты.

Ирандын Мешхед шаарындагы айт намазын окуган мусулмандар.

Лондон шаарындагы мечитте Орозо айтка чогулган мусулмандар.

Россиянын Санкт-Петербург шаарындагы мусулмандар намазга жыгылууда.

Австралиядагы Айт намазы.

Грециянын түндүгүндөгү тарыхый мечитте 100 жылдан кийин биринчи жолу айт намазы окулду.

Индонезиянын Жакарта шаарында ачык асман алдында Орозо айтка чогулгандар.

Пакистандын Равалпинди шаарындагы Айт намазы.

Малайзиянын борбор шаары Куала-Лумпурдагы мечиттердин биринде Айт намазын окуган мусулмандар.

Египеттин Каир шаарындагы сыйынуучулар.

Босния-Герцеговинанын Сараево шаарында сыйынган ата-бала.

Германиянын Берлин шаарындагы мечитке чогулган мусулмандар.

Комментарий жиберүү