Захарова чет элдик дипломатиялык борборлордун кызматкерлеринин иммунитетинин бузулушун сынга алды

Россиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова чет элдик дипломатиялык борборлордун кызматкерлеринин иммунитетинин бузулушун сынга алды.

Бул тууралуу Anadolu агенттиги орус ЖМКларына шилтеме берип жазды.

Захарова шаршемби күнү брифинг учурунда Израилдин Дамасктагы Иран консулдугуна жасаган чабуулуна токтолуп, мындай деди: “Кээ бир өлкөлөр чет өлкөлүк мекемелердин жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлерине карата дипломатиялык жана консулдук иммунитет эмне экенин унутуп коюшканын көрдүк”.

Эске салсак, 2-март күнү кечинде Израилдин аба күчтөрү Сириянын борбору Дамасктагы Ирандын башкы консулдугунун имаратына ракетадан сокку урган. Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун билдирүүсүнө ылайык, чабуулдун натыйжасында консулдуктун имараты толугу менен талкаланып, сакчылар корпусунун жети офицери, анын ичинде эки аскерий улук кеңешчилер – генерал Мохаммад Реза Захеди жана бригадалык генерал Мохаммад Хади Хажи набыт болгон.

Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи Иран Дамасктагы Ирандын консулдугуна кол салган Израилди кылмыштары үчүн өкүндүрөрүн билдирсе, президенти Ибрахим Раиси кол салуу жоопсуз калбайт деген.

Россиянын Тышкы иштер министрлиги консулдукка жасалган кол салууну кескин айыптап, дипломатиялык жана консулдук мекемелерге жасалган ар кандай кол салууларды таптакыр кабыл алынгыс деп эсептеген.

Захарова сөзүнүн дагы бир бөлүгүндө БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциялары милдеттүү экенин, алардын бири Коопсуздук кеңешинин Газада ок атышууну токтоосуз токтотуу боюнча 2728-резолюциясы экенин айтты.

26-мартта Израилдин Газадагы дээрлик 6 айга созулган согушунан кийин БУУнун Коопсуздук кеңеши тез арада Газа тилкесиндеги ок атууну токтотууну талап кылган резолюция кабыл алган.

Резолюцияда тараптар Орозо айында ок атышууну токтотуп, Газа тилкесине эч тоскоолдуксуз гуманитардык жардам жеткирүүнү камсыз кылышы керектиги белгиленген.

Резолюцияга Коопсуздук кеңештин 14 өлкөсү добуш берген. Буга чейин АКШ Коопсуздук кеңешинин мындай резолюцияларына бөгөт коюп келген, бирок бул жолу Вашингтондун өкүлү вето укугун колдонбой, добуш берүүдөн карманган.

Комментарий жиберүү