Меккеде кыргызстандыктар үчүн бекер жатакана ачылат

Мындан ары Меккеге окуу жана зыярат үчүн барган кыргызстандыктар бекер жатаканада жашай алышат.

Меккеде кыргызстандыктар үчүн бекер жатакана ачылат, деп билдирди президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков.

Анда окуу үчүн барган кыргызстандык студенттер жана зыяратчылар жашайт.

Жатакана ачуу чечимин президент Садыр Жапаров дагы колдоого алган.

Бүгүнкү күндө имарат бөлүндү.

Комментарий жиберүү