Россия Британиянын маморган жана IT тармагынын өкүлдөрүнө санкция киргизди

Россия Улуу Британиянын мамлекеттик бийлик органдарынын, IT тармагынын жана юридикалык кызматтар рыногунун 22 өкүлүн кара тизмеге киргизди.

Бул тууралуу РФ Тышкы иштер министрлиги билдиргенин ТАСС агенттиги жазды.

Текстте британ өкмөтү өзүнүн агрессивдүү антироссиялык курсун улантып, санкцияларды чектөө механизмин активдүү колдонуп жана диверсиялык маалыматтык-пропагандалык кампанияны жүргүзүп жатканы белгиленген.

“Британиялык тараптын бул кастык аракеттерине жооп катары Улуу Британиянын мамлекеттик органдарынын, IT секторунун жана юридикалык кызмат көрсөтүүлөр рыногунун бир катар өкүлдөрүн россиялык токтотуу-тизмесине киргизүү чечими кабыл алынды”, — деп билдирди Россиянын Тышкы иштер министрлиги.

Алардын арасында британ компанияларынын кызматкерлери, атап айтканда, Украинанын күч органдарына россиялык аскерлерге жана инфраструктурага сокку уруу үчүн маалыматтарды чогултуу процессинде керектүү киберкоргонуу программалары жана кызматтары менен камсыз кылган Micro Focus компаниясы бар.

«Неонацисттердин шериктери болгон мындай IT-компаниялардын ишмердүүлүгү адамдардын өлүмүнө алып келет жана бийликтери англосаксондорго туура келбеген ар бир өлкөгө каршы багытталышы мүмкүн», – деп баса белгиледи министрлик.

Комментарий жиберүү