Талибан Иранда теракт пландоо шеги менен эки тажикстандык кармалганын билдирди

Ооганстандын Al Mirsaad басылмасы «ИМ» согушкерлери делген жана Пакистандагы террорчуларды даярдоочу аскердик лагерге барууну пландаган эки тажик жигиттин суракка алынган видеосун жарыялады.

Сурак учурунда алар тажик жарандары экенин, Орусияда Телеграм аркылуу «ИМ» тобуна азгырылып, Ооганстанга жөнөтүлгөнүн айтышкан.

Видеодо жаштардын бири өзүн 21 жаштагы Восе районунун тургуну Сирожиддин Давлатов, экинчиси кулябдык 21 жаштагы Самеджон Файзов деп тааныштырууда. Видеонун монтаждалганы байкалат.

Сурак маалында онлайн-куратор аларга так көрсөтмө бергенин билдиришкен: Түркия жана Иран аркылуу Ооганстанга, ал жактан Пакистандын Белужистан провинциясынын борбору Кветтага барып, даярдыктарын аягына чыгарышмак. Басылма шектүүлөр Кветтадагы машыгуусун аяктагандан кийин Иранга бир катар теракттарды жасоого жиберилмек болгонун маалымдаган.

Бирок Кветтага бараткан жолдо аларды талибдер кармаган.

Видео качан тартылганы жана шектүүлөр качан кармалганы белгисиз.

Душанбенин жана кармалгандардын жакындарынын реакциясы азырынча белгисиз.

Тажик бийлигинин маалыматы боюнча, 2014-жылдан бери Сирия, Ирак жана Ооганстандагы согушкерлерге жүздөгөн тажик жарандары кошулуп, алардын көбү Жакынкы Чыгыштагы согуштарда набыт болуп, калгандары дайынсыз жоголгон. Душанбе Тажикстандын жарандарынын көбү «Ислам Мамлекети» террордук тобуна Орусияда жүргөндө тартылганын белгилеп келет.

Комментарий жиберүү