Түркия Израилге ондогон товарларды экспорттоого чектөө киргизди

Түркиянын Соода министрлиги 9-апрелден тарта Израилге “Газадагы согуштук аракеттер аяктаганга чейин жана анклавга гуманитардык жардамды тоскоолдуксуз жеткирүү үчүн шарттар түзүлгөнгө чейин” 54 аталыштагы өнөр жай товарларын экспорттоого чектөө киргизүүнү чечти. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.

Министрликтин жарыяланган чечиминде, атап айтканда, болот, алюминийден жасалган продукциялардын  түрлөрүнө, боёк, электр кабелдерин, авиациялык күйүүчү май, май, жер семирткич, өнөр жай жабдууларынын айрым түрлөрүнө чектөөлөр киргизилгени айтылат.

Ошондой эле чектөөлөрдүн тизмесине цемент, темирден жана болоттон жасалган курулуш материалдарынын бардык түрлөрү, арматуралар, була-оптикалык кабельдер, жүк көтөргүчтөр, экскаваторлор, гранит, мрамор, изоляциялык материалдар, металл иштетүүчү жабдуулар, станоктор, кирпич жана клинкер, ошондой эле металл иштетүү үчүн колдонулган химиялык заттар киргизилген.

“Чечим дароо аткарылууга тийиш. Белгиленген чектөөлөр Израиль өзүнүн эл аралык милдеттенмелеринин алкагында Газа тилкесинде ок атышууну токтоосуз токтотуп, жетиштүү көлөмдөгү жардамды үзгүлтүксүз жеткирүүгө уруксат бермейинче күчүндө болот”, — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Ведомство ошондой эле Газадагы кырдаалга байланыштуу БУУнун үч резолюциясы жана Эл аралык соттун бир чечими кабыл алынганын, алар “Израил үчүн милдеттүү” экенин эске салды.

Соода министрлиги жөөт мамлекети “эл аралык мыйзамдарды одоно бузуп, эл аралык коомчулуктун ок атышууну токтотуу жана гуманитардык жардамды үзгүлтүксүз көрсөтүү боюнча көптөгөн чакырыктарын тоотпой жатат” деп баса белгиледи.

“Тилекке каршы, Израиль БУУнун Коопсуздук Кеңеши, БУУнун Башкы Ассамблеясы, БУУнун Адам Укуктары Кеңеши жана Эл аралык Сот тарабынан бул контекстте кабыл алынган бир дагы чечимин аткарган жок. Чындыгында, Түркия Израилге аскердик максатта колдонула турган товарларды же кызматтарды сатууга көптөн бери уруксат бербей келет”, – деди түрк министрлиги.

Эске салсак, буга чейин Израиль Түркиянын Газа тилкесинин жашоочуларына аба аркылуу гуманитардык жардам жеткирүү өтүнүчүн канааттандырган эмес.

Израилдин баш тартуусуна жооп иретинде Анкара бир катар чараларды көрөрүн Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан маалымат жыйында билдиргенин AFP агенттиги маалымдаган.

Анын айтымында, Түркия Газага абадан гуманитардык жардам жеткирүү операцияларына аскердик транспорттук учактарын кошуу өтүнүчүн жөнөткөн. Бул өтүнүч Иорданиянын бийликтери тарабынан жактырылганы менен Израиль четке каккан.

“Израилдин Газага жардам жөнөтүү аракетибизге бөгөт коюуга эч кандай шылтоосу жок. Израилге каршы бир катар жаңы чараларды көрүүнү чечтик. Президентибиз бекиткен бул чаралар этап-этабы менен дароо ишке ашат. Тиешелүү мекемелер бул жагдай боюнча коомчулукка маалымат беришет», – деген Фидан.

Ал Түркия Газа тилкесине эң ири гуманитардык жардам жеткирүүчү өлкө экенин, анын көлөмүнүн 42 миң тоннага жеткенин кошумчалаган.

Комментарий жиберүү