Элчи Антонов: Украинанын НАТОго кириши Россиянын улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирет

Украинанын НАТОго кириши Россия үчүн таптакыр кабыл алынгыс, Москва Киевдин душмандык блокко катышуусун эч качан кабыл албайт, деп Россиянын АКШдагы элчиси Анатолий Антонов билдиргенин ТАСС агенттиги жазды.

“Украинанын НАТОго кириши кандай гана шартта болбосун биз үчүн кабыл алынгыс. Бул Россиянын улуттук коопсуздугуна коркунуч. Россия Федерациясынын принципиалдуу позицияларын таптакыр түшүнбөгөн саясатчылар гана биз Киевдин бизге душман болгон блокко катышуусун кабыл алат деп күтө алышат», — деди Антонов.

Анын айтымында, Вашингтондо Россия тараптын Украинанын Түндүк Атлантикалык альянска мүчөлүгүнө таптакыр каршы экени тууралуу билдирүүлөрүн принципиалдуу түрдө тоотпой жатышат.

Дипломат белгилегендей, 2021-жылдын декабрында Батыштын борборлоруна коопсуздук кепилдиктери боюнча орус тараптын конкреттүү сунуштарына карабастан, АКШ Россия Федерациясынын позициясын эске албай жатат.

“Биз үчүн бирден-бир туура вариант – бул Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн согуш талаасында шартсыз жеңиши”, – деп сөзүн жыйынтыктады орус дипломаты.

АКШнын Мамдепартаменттин басма сөз кызматынын башчысы Мэттью Миллер дүйшөмбү күнү кезектеги брифингде Украинанын НАТОго кириши азыркы жаңжал аяктагандан кийин гана ишке ашарын билдирген. Андан мурда АКШнын НАТОдогу туруктуу өкүлү Жулианна Смит альянс Украинаны “убагы келгенде” өз катарына бардык союздаштардын макулдугу менен жана согуштук аракеттер аяктагандан кийин гана кабыл аларын айткан.

2022-жылдын сентябрында Украина Түндүк Атлантика альянсына тездетилген негизде кошулуу үчүн арыз берген. НАТО 2023-жылдын 11-июлунда Вильнюста өткөн саммиттин жыйынтыктоочу билдирүүсүн кабыл алып, анда өлкөнүн келечеги альянста болоруна ишеним билдирген.

Документте НАТОго кирүү чакырыгы Украинага “союздаштар макулдашууга келип, (Батыш Киевге койгон) шарттар аткарылганда жөнөтүлүшү мүмкүн” экени айтылган.  Альянска кабыл алуунун болжолдуу убактысы жарыяланган эмес. Уюмда Украина жаңжал абалында турганда НАТОго кирүү мүмкүн эмес экенин бир нече жолу баса белгиленген.

Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков буга чейин Киев альянска чакыруу алуу маселеси боюнча НАТО өлкөлөрүнө кысым көрсөтүүгө аракет кылып жатканын белгилеген. Ал Украинанын альянска мүмкүн болуучу мүчөлүгү Европанын коопсуздугу үчүн өтө терс кесепеттерге алып келерин жана Россиянын катуу реакциясын талап кыларын эскерткен.

Комментарий жиберүү