Түркмөнстанда ахалтекин аттарынын эл аралык сулуулар конкурсу өтөт

Түркмөнстандын президенти  Сердар Бердымухамедов үстүбүздөгү жылдын 27-апрелинде Аркадаг шаарында ахалтекин тукумундагы аттардын эл аралык сулуулар конкурсун өткөрүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу  Turkmenportal маалымат агенттиги билдирди.

Конкурс түркмөн күлүктөрүнүн Улуттук майрамынын урматына өткөрүлөт. Ошондой эле бул майрамдын алкагында сүрөтчүлөрдүн, скульпторлордун, килем токуучулардын, зергерлердин, фотографтардын, басма кызматкерлеринин, дизайнерлердин, ахалтекин жылкыларынын сулуулугунун көркөм көрүнүшүн сүрөт жана декоративдик-прикладдык искусство, басма продукциялары жана башка чыгармаларда  чагылдырган телеоператорлордун да конкурсу өткөрүлмөкчү.

Түркмөн күлүктөрүнүн улуттук күнү 2011-жылдан тартып апрелдин акыркы жекшембисинде масштабдуу түрдө өткөрүлүп келүүдө. Майрам мурда Ашхабадда өткөрүлчү. Эреже боюнча ал бир нече иш  чаралар жана салтанаттар менен коштолот. Негизги майрам башталардан бир нече күн мурда аттардын жарышы болуп, Эл аралык ахалтекин жылкычыларынын жыйыны чогулуп, илимий конференциялар жана көргөзмөлөр өткөрүлөт.

Ахалтекин – жылкылардын байыркы тукумдарынын бири. Түркмөнстанда бул жаныбарды бийлик жана дөөлөт катары санап, улуттук  мурас деп эсептешет. Бул тукумдагы жылкы өлкөнүн гербине түшүрүлгөн. Өлкөнүн көптөгөн шаарларында ага эстеликтер тургузулган.

Аркадаг шаары экс-президент Гурбангулы Бердымухамедовдун демилгеси менен курулган жана 2023-жылы июнда ачылган. Бул сөз түркмөнчөдөн которгондо көсөм деген маанини түшүндүрөт, өлкөдө мурдагы президент ушинтип аталат. Шаарда “Акылдуу шаар” башкаруу системасы ишке ашырылып, ал өлкөдөгү мындай алгачкы жаңы доорго карай жасалган объект болуп калган.

Жаңы шаарда Аба Аннаев атындагы Эл аралык жылкычылык академиясы, Гёроглы атындагы мамлекеттик ат цирки түзүлгөн. Ошондой эле шаарга Гиннестин рекорддор китебине киргизилген Акхан жылкысына монумент орнотулган. Аркадаг шаарынын курамына ошондой эле Аба Аннаевдин ысымын алып жүргөн жылкычылар үчүн поселок да кирет.

Комментарий жиберүү