Россияга түндө чабуул жасаган 53 дрон атып түшүрүлдү

Россиянын абадан коргонуу күчтөрү жумага караган түнү жана бүгүн эртең менен өлкөнүн беш аймагына чабуул жасаган Украинанын куралдуу күчтөрүнүн 53 учкучсуз аппаратын атып түшүрдү, анын 44ү Ростов облусунда жок кылынды.

Бул тууралуу өлкөнүн Коргоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, абадан коргонуу күчтөрү Ростов облусунан 44, Саратовдон 1, Курсктан 1 жана Белгород облусунан 1 ошондой эле Краснодар аймагынан 6 учкучсуз аппаратты жок кылган.

Буга чейин Ростов облусунун губернатору Василий Голубев абадан коргонуу күчтөрүнүн бөлүктөрү, алдын ала маалыматтар боюнча, Морозов районундагы 40тан ашык бутаны жок кылганын билдирген. Чабуулдун натыйжасында электр подстанциясы жабыркаган.

Андан тышкары, Саратов облусунун башчысы Роман Бусаргин Энгельс шаарында учкучсуз учуучу аппарат жок кылынганын, кыйрап түшкөн аппараттан жабыркагандар жана инфраструктуранын кыйрашы болбогонун билдирди.

Россия Украинада атайын аскердик операция баштагандан бери учуучу аппараттар Россиянын аймагына  бир нече жолу чабуул жасап, кыйроолор катталган. Москва буга Киевди күнөөлөп келет.

Эске салсак, буга чейин Татарстандын Елабуга шаарындагы объектилерге учкучсуз аппараттар кол салып, андан алты адам жаракат алган. Анын ичинде Кыргызстандын 17 жаштагы И.А.Б. аттуу жараны жабыркаганын КР Тышкы иштер министрлиги билдирген.

Комментарий жиберүү