«Достук ифтары»: Ирандын Кыргызстандагы элчилиги ооз ачыруу уюштурду — Сүрөт

Ирандын Бишкектеги дипломатиялык өкүлчүлүгү мусулмандар тарабынан Рамазан айынын акыркы жумасында белгиленүүчү Эл аралык “Аль-Кудс” күнүнүн алдында ооз ачыруу уюштурду.

“Достук ифтары” дасторконуна Борбор Азия мамлекеттеринин, Азербайжан, Түркия, Катар жана Афганистандын элчилери (Талибан өкмөтүнүн өкүлү), Православ чиркөөсүнүн өкүлү жана КР муфтийинин орун басары, Кадыр Маликов, Турсунбай Бакир уулу сыяктуу коомдук ишмерлер чогулушту.

Конокторду Ирандын Кыргызстандагы элчиси Голам Хусейн Ядегари өзү тосуп алды. Чогулгандар жамаат намазын окуп, андан соң тамактанууга киришти.

-+

Иран дипломаты коноктор менен саламдашып, алардын дубалары жана орозосу кабыл болушун каалады.

Элчи Рамазан өзгөчө ай экенин, бул айда мусулмандардын ыйык китеби Куран түшүрүлгөнүн белгилеп, ” Рамазан – бул Кудайга шүгүрчүлүк көрсөтүү жана жаман ойлордон жана каалоолордон арылууга, ошондой эле руханий жактан бекемдөөгө мүмкүнчүлүк”, – деди элчи.

Иран элчиси ошондой эле зулумдукка кабылгандарды колдоо жана коргоо дагы бир маанилүү жагдай экенин белгилеп, кейиштүү абалга туш болуп, сионисттик Израиль режиминин геноцидине жана зулумуна дуушар болуп жаткан палестиналык бир туугандардын азыркы абалын эске салды.

“Акыркы 70 жылда, өзгөчө акыркы алты айда биз Газа тилкесинде өзгөчө ырайымсыздыкка күбө болуп жатабыз. Бүгүнкү күндө сионисттер эркектер менен аялдарды гана эмес, балдарды да өлтүрүп, мечиттерди, чиркөөлөрдү, ооруканаларды жана мектептерди талкалап жатышат. Алар адамгерчиликтин жана эл аралык укуктун бардык мумкун болгон принциптерин бузуп, бүткүл адамзатка каршы кылмыштын ачык-айкын мисалы болуп саналат. Азыркы тапка чейин 33 миңден ашуун адам каза болду, алардын жарымынан көбү аялдар жана балдар”, – деди Ядегари.

Ал Израилдин негизги максаты Палестина элин жок кылуу жана аймактарды басып алуу экени анык болуп калганын, бул жерде аларды кээ бир дүйнөлүк державалар кубаттап, колдоп жатышканын кошумчалады.

Сөзүнүн аягында элчи Палестина эң маанилүү жана негизги маселеси экенин баса белгиледи.

“Палестина аймагыноккупациялоо Батыш Азиядагы кризистин негизги жана чыныгы тамыры болуп саналат. Эгерде бүгүн Ислам дүйнөсү Палестинаны колдобосо, эртең Ислам Үммөтүнүн жок болушуна  баарыбыз күбө болобуз. БУУнун колдоосу жана көзөмөлү менен Палестинада бардык улуттардын, диндердин жана элдердин катышуусу менен демократиялык жол менен согушту жана кризисти токтото турган референдум өткөрүү зарыл деп эсептейбиз”, – деп Иран элчиси сөзүн жыйынтыктады.

Комментарий жиберүү