«Аль-Кудс» күнү: Иранда миңдеген адамдар палестиндерге тилектештик билдирди. Сүрөт

Ыйык Рамазан айынын акыркы жумасы Эл аралык Аль-Кудс күнү катары белгиленет. Бул күнү дүйнө мусулмандары эзилген Палестина элине тилектештигин билдиришет.

Аль-Кудс күнү Иран Ислам республикасынын негиздөөчүсү Аятолла Хомейни тарабынан 1982-жылы негизделген. Бул күн Иран боюнча жыл сайын белгиленип, миңдеген адамдардын катышуусунда Израилге каршы демонстрациялар, митингдер жана жөө жүрүштөр өтөт.

Быйылкы акция жылдагыдай эле Иран боюнча масштабдуу өткөрүлүүдө. Жөө жүрүшкө чыккан ирандыктар колдоруна Иран менен Палестинаны желектерин, ошондой эле жакында эле Израилдин Сириядагы Иран консулдугунда жасаган кол салуусунда өлтүрүлгөн ирандык офицерлердин сүрөттөрүн да көтөрүп чыгып, палестиндерди колдогон, Израилди айыптаган ураандарды чакырышты. Жүрүшкө атчан аскерлер да кошулду.

Кол салууда набыт кеткен офицерлердин сөөгү бүгүн жерге берилет.

Эл аралык “Аль-Кудс” күнү Ирандан тышкары, Түркия, Пакистан, Индия, Йемен, Ирак, Сирия, Ливан, Африка өлкөлөрүндө, Түштүк-Чыгыш Азияда, ошондой эле АКШ жана Европадагы мусулман коомчулугунда белгиленет.

Комментарий жиберүү