Москвада чогулган КМШнын штаб башчылары эмне маселелерди талкуулашты?

Күн мурун Москва шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин штаб башчыларынын комитетинин кезектеги отуруму өтүп, ага Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы Руслан Мукамбетов катышты.

Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, штаб башчыларынын комитетинин отурумунун алдында Кремлдин дубалынын жанындагы белгисиз жоокердин эстелигине гүлчамбарлар коюлган.

“Жыйындын жүрүшүндө штаб башчылары дрондорго каршы күрөшүүнүн заманбап ыкмаларын жана атайын аскердик операциянын жүрүшүндө минадан тазалоо тажрыйбасын талкуулаып, бириккен абадан коргонуу системасын өркүндөтүүнүн келечегине өзгөчө көңүл бурулду”, – деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле аскерлердин күжүрмөн даярдыгы жана талаа машыгуулары, кесипкөй аскерлерди даярдоо маселелери талкууланган.

Мындан тышкары, штаб башчыларынын комитети заманбап шарттарда күжүрмөн аракеттерди жүргүзүү тажрыйбасын аскерлерди даярдоо практикасына киргизүүнү колдошту.

Россиянын Коргоо министрлиги билдиргендей, жолугушуунун жыйынтыгында «улуттук жана жалпы кызыкчылыктарды эске алуу менен аскердик чөйрөдөгү көп тараптуу кызматташтык системасын мындан ары өнүктүрүүгө багытталган чечимдерге» кол коюлду. 

Штаб башчыларынын ишине Россия, Азербайжан, Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабдарынын делегациялары катышты.

КМШга мүчө-мамлекеттердин Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын башчыларынын комитетинин кезектеги жыйынын 2025-жылы Белоруссияда өткөрүү чечими кабыл алынды.

Комментарий жиберүү